Өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси бүгүн талкууланат

© пресс-служба мэрии города БишкекСанитардык посттогу ИИМ кызматкерлери. Архив
Санитардык посттогу ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Модератор министрдин орун басарына "ӨА режими киргизилеби?" деген суроо узаткан. Эске салсак, өзгөчө абал режими буга чейин 25-марттан 10-майга чейин иштеген.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бүгүн, 25-июнда, Республикалык штаб өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Модератор министрдин орун басарына "ӨА режими киргизилеби?" деген суроо узаткан. Эске салсак, өзгөчө абал режими буга чейин 25-марттан 10-майга чейин иштеген эле.

"Өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси бүгүн, 25-июнда, Республикалык штабдын жыйынында талкууланат. Өзүңүздөр көргөндөй, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында кырдаал курч. Өкмөт бардык факторлорду эске алып, бир чечим кабыл алат деген ойдомун", — деди Каратаев.

Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандардын саны 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.

Өлкө аймагында болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан таанышып туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0