Ат-Башыдан Бишкекке чейин чуркап, 400 чакырымды багынткан Оболбек. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба ГАМФКиС45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков
45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуну жолду катар автоунаа менен үч адам коштоп келген. Эс алуу учурунда алар жөө күлүккө массаж жасап, өзүнө келүүгө жардам беришкен.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. 45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Ат-Башы районунун (Нарын) Талды-Суу айылынан Бишкекке чейин чуркап келди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / персс-служба ГАМФКиС45-летний бегун-любитель Оболбек Осмонбеков пробежал ультрамарафон из села Талды-Суу Ат-Башинского района (Нарынская область) до Бишкека
45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Ат-Башы районунун (Нарын) Талды-Суу айылынан Бишкекке чейин чуркап келди - Sputnik Кыргызстан
1/4
45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Ат-Башы районунун (Нарын) Талды-Суу айылынан Бишкекке чейин чуркап келди
© Фото / персс-служба ГАМФКиС45-летний бегун-любитель Оболбек Осмонбеков пробежал ультрамарафон из села Талды-Суу Ат-Башинского района (Нарынская область) до Бишкека
Билдирмеге ылайык, жөө күлүк Ат-Башыдан 19-июнь күнү чыгып Бишкекке 24-июнда жеткен. Ал финишти Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жасаган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Билдирмеге ылайык, жөө күлүк Ат-Башыдан 19-июнь күнү чыгып Бишкекке 24-июнда жеткен. Ал финишти Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жасаган
© Фото / персс-служба ГАМФКиС45-летний бегун-любитель Оболбек Осмонбеков пробежал ультрамарафон из села Талды-Суу Ат-Башинского района (Нарынская область) до Бишкека
Чуркап келген спортчуну дароо дарыгерлер карап, анын абалын канааттандырарлык деп баалаган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Чуркап келген спортчуну дароо дарыгерлер карап, анын абалын канааттандырарлык деп баалаган
© Фото / персс-служба ГАМФКиС45-летний бегун-любитель Оболбек Осмонбеков пробежал ультрамарафон из села Талды-Суу Ат-Башинского района (Нарынская область) до Бишкека
Осмонбековдун айтымында, ал 400дөн ашык чакырымды багынткан. Муну менен ал жаштарды дени сак жашоого чакырып, спорт менен достошууга үндөп кеткен - Sputnik Кыргызстан
4/4
Осмонбековдун айтымында, ал 400дөн ашык чакырымды багынткан. Муну менен ал жаштарды дени сак жашоого чакырып, спорт менен достошууга үндөп кеткен
1/4
45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Ат-Башы районунун (Нарын) Талды-Суу айылынан Бишкекке чейин чуркап келди
2/4
Билдирмеге ылайык, жөө күлүк Ат-Башыдан 19-июнь күнү чыгып Бишкекке 24-июнда жеткен. Ал финишти Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жасаган
3/4
Чуркап келген спортчуну дароо дарыгерлер карап, анын абалын канааттандырарлык деп баалаган
4/4
Осмонбековдун айтымында, ал 400дөн ашык чакырымды багынткан. Муну менен ал жаштарды дени сак жашоого чакырып, спорт менен достошууга үндөп кеткен

Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
UWW уюму Кыргызстан жана Айсулуу Тыныбекова тууралуу видео жарыялады
Билдирмеге ылайык, жөө күлүк Ат-Башыдан 19-июнь күнү чыгып Бишкекке 24-июнда жеткен. Ал финишти Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жасаган. Чуркап келген спортчуну дароо дарыгерлер карап, анын абалын канааттандырарлык деп баалаган.

Осмонбековдун айтымында, ал 400дөн ашык чакырымды багынткан. Муну менен ал жаштарды дени сак жашоого чакырып, спорт менен достошууга үндөп кеткен.

"Жолду катар аны автоунаа менен үч адам коштоп келген. Эс алуу учурунда алар спортчуга массаж жасап, өзүнө келүүгө жардам беришкен. Финишке жеткенде Осмонбековду Мамагенттиктин жетекчиси Канатбек Арпачиев, достору жана жакындары тосуп алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Арпачиев жөө күлүктү финишке ийгиликтүү жетиши менен куттуктап, ага кубок жана ыраазычылык кат тапшырган.

Маалым болгондой, Осмонбеков спорттун бул түрү менен 2017-жылдан бери машыгат. Буга чейин ал бир катар ультрамарафондорго катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0