Жээнбековду Москвага коштоп барган Сыдыков үйүндө дарыланууда. Каратаев жаңылдыбы?

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезиденттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков
Президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең мененки брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Москвадан келген делегациянын ичинен коронавирус аныкталган эки адам Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына жаткырылганын айткан эле.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алганы Москва шаарында аныкталган президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков үйдө обочолонуу шартында дарыланып жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринин илдети белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүндөн тарта үйдө дарыланышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен эртең мененки брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кечээ Москва шаарынан келген кыргызстандык делегациянын ичинен коронавирус аныкталган эки адам Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына жаткырылганын айткан эле.

Ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак үй карантинге жабылабы? Министрликтин жообу
Кечээ, 24-июнда, Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыккан. Ошол эле күнү кечинде делегация Кыргызстанга кайтып келип, тиешелүү анализдерди тапшырган.

Бүгүн маалымат кызматтан президент баш болгон бир катар кызмат адамдарынан коронавирус аныкталбаганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0