Бишкекке келип убара болбогула! Дем алыш күндөрү коомдук транспорт токтойт

Жазылуу
Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жаткандыктан, мэрия коомдук транспорттун ишине чектөө киргизет.

БИШКЕК, 25 июн — Sputnik. Дем алыш күндөрү коомдук транспорттун бардык түрү, атүгүл такси кызматы дагы токтотулат. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал эми ар бир дүйшөмбү күнү "Дордой" базарынан башка базарлар дезинфекцияга жабыла турганын кошумчалады.

Бүгүн Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 1 547ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0