Киши эшикте эс алып отурат. Архив

Кант диабетинин алгачкы белгиси айтылды

795
(жаңыланган 08:32 26.06.2020)
Дарыгер кант диабетинин өрчүп кетүүсүнө себеп болгон факторлордун арасына ашыкча салмак жана кыймылдын аздыгы кирерин кошумчалады.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Дарыгер-эндокринолог Надежда Максимова кант диабетинин өрчүп кетүү коркунучун алгачкы стадияда кантип аныктоо керектигин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, дарыгерлерде "преддиабет" деген түшүнүк бар. Мында адамдын канында глюкозанын деңгээли нормадан жогору болот. Бирок кант диабетиникиндей көп кездешпейт.

"Чоңдор арасында 13 кишинин биринде преддиабет болот. Кош бойлуу кезинде эненин канында глюкоза көп болгондуктан, балдар арасында ар бир алтынчы бөбөк ушул диагноз менен төрөлөт. Бул кант диабетинин экинчи түрүнүн өрчүп кетүү тобокелчилигине алып келиши ыктымал", — деди дарыгер.

Максимова преддиабет диагнозу организмдин жардам сурап жаткан сигналы экенин айтты. Ал канда канттын көбөйүшү сөзсүз эле оорунун өрчүшүнө алып келбей турганын айтып, бирок ага кабылып калбаш үчүн жашоо образды жана тамактануу режимин өзгөртүү керектигин баса белгилеген.

Кант диабетинин өрчүп кетүүсүнө себеп болгон факторлордун арасында ашыкча салмак жана кыймылдын аздыгы бар. Ошондой эле холестериндин көп болушу, артериалдык гипертензия (кан басым 140/90дон ылдый эмес) да оорунун өрчүшүнө себеп болот. Дарыгер кан басым, кант жана майды акырындап дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап көзөмөлдөсө болорун айткан. Мындай аракет көп учурда преддиабетти жана кант диабетинин өзүн алдын алууга жардам берерин эндокринолог кошумчалап кеткен.

795
Белгилер:
дарыгер, белги, оору, кант диабети
Тема боюнча
Жакыным көз алдымда үзүлүп, колумдан эч нерсе келбей калган. Дарыгердин баяны
Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

38
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

38
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

273
(жаңыланган 23:47 21.10.2020)
Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун билдирди.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абакта жатканда коронавирус менен оорудум. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров BBC радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жапаров дартты дары чөптүн жардамы менен жеңгенин белгилеген. Анын айтымында, дары чөп бир гана коронавируска эмес башка ооруларга дагы, мисалы, ашказандын рагына дагы миңдин бири. Аны кыргыздар илгертеден колдонуп келген.

"Ачык айтканда, Кара-Балтанын Финполициясынын кызматкерлеринин көбү коронавирустан атайын дары чөптүн жардамы менен айыгышты. Андан үй-бүлөсү менен сакайгандар болду. Ал дарыны Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге сыноодон өткөрүп көрүш керек", — деди Жапаров.

Коронавирус: Бишкектеги ооруканаларда 400дөн ашуун бош орун бар

Мындан сырткары, ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун кошумчалады.

273
Белгилер:
дары, абак, коронавирус, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Министрлик: коронавирустан сакайган 7 кишиден кайра оорунун белгиси байкалды
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот