Мугалим мектепте сабак учурунда. Архив

Мугалимдер айлык акысын толук алып жатабы? Министрликтин жообу

144
Бишкек шаарындагы мугалимдерге айлык маяна, өргүүгө чыкканда бериле турчу акылары жакын арада толук көлөмдө төлөнүп бүтөрүн мэриядан кабарлашты.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Өлкөдө мугалимдердин айлык маяналары, өргүүгө чыкканда бериле турчу акылары толугу менен төлөнүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Акылбек Орозматов билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин айлык акысына каражат жетиштүү.

"Азыр мектеп жетекчилери менен окуу бөлүм башчыларынын айлыктары калды. Июндун аягында же июль айынын башында өргүүгө чыкканда аларга да акысы толугу менен төлөнүп берилет. Акча жетиштүү",— деди министрликтин маалымат катчысы.

Ал эми Бишкек шаарындагы мугалимдерге айлык маяна, өргүүгө чыкканда бериле турчу акы жакын арада толук көлөмдө төлөнүп бүтөрүн мэриядан кабарлашты.

"Июнда өргүүгө кетчүлөрдүн акысы бериле баштады. Биринчи Май району толугу менен төлөп бүттү. Ал эми Свердлов районунда акынын 72 пайызы, Октябрь районунда 81 пайызы, Ленин районунда 66 пайызы берилип бүтүп калды", — деп айтылат маалыматта.

Шаардык бюджеттен билим берүү системасына жалпы жонунан 4,5 миллиард сом бөлүнүп турары кошумчаланды.

144
Белгилер:
төлөм, каражат, мектеп, мугалим, айлык-акы, билим берүү
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 медик 200 миң сомдон алат
Станалиева: "Онлайн университети" өлкөнүн билим берүү тармагына көмөк көрсөтөт
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

49
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

85
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

85
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды