Кыргызстанда кайсы дарт аялды коляскага отургузат? Майыптык боюнча статистика

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМайыптардын коляскасы. Архив
Майыптардын коляскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча 194 364 адам майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алат. Алардын арасынан 102 375и эркек, 91 989у аял.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстанда майып адамдардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашайт жана чоңдор арасында 95 пайызы эмгекке жарамдуу курактагылар. Мындай маалыматты 2019-жылдын жыйынтыгы катары Улуттук статистика комитети таратты.

Былтыр 18 жашка чейинки балдар арасында 5 миң майып болсо, чоңдор арасында 11 миң кишинин ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген. Жалпысынан республика боюнча 194 364 адам майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алат. Алардын арасынан 102 375и эркек, 91 989у аял.

"Чоңдор арасында майыптардын 43 пайызы аялдар, 57 пайызы эркектер. Булардын 71 пайызы айыл жергесинда жашайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Очогун сактай албай калгандар. Кыргызстандагы ажырашуу статистикасы
Мындай жарандар эң көп жашаган аймактарга Жалал-Абад облусу (41 466 адам), Ош облусу (36 992) жана Чүй облусу (39 904) кирет. Андан кийинки орундарда Баткен (19 858), Ысык-Көл (19 406) жана Бишкек шаары (17 551) турат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар азыраак жашаган аймактар — Нарын (11 850), Талас облустары (9 292) жана Ош шаары (3 078).

Ошондой эле маалыматта аялдар көбүнесе кайсыл илдеттерден улам майып болуп калары айтылган. Кыргызстанда аялзатын көбүнчө залалдуу шишиктер жана сөөк, булчуң оорулары ден соолуктан ажыратат экен.

Ал эми балдардын мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине тубаса кемчиликтери себеп болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0