Бир саатта жыйынтык чыгат. КРде коронавирус башка ыкма менен аныктала баштады

© AFP / Tom Pennington / Getty ImagesGeneXpert аппараты. Архив
GeneXpert аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирусту аныктоочу аппараттар Улуттук фтизиатрия борборунда иштеп, саат сайын сегиз кишиден анализ алат. Жыйынтыгы бир саатын ичинде даяр болот.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүгүндөн баштап Кыргызстанда коронавирусту аныктоонун дагы бир ыкмасы пайдаланыла баштады. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Джин-Эксперт” деп аталган ыкма менен иштечү атайын аппараттар аркылуу мурда кургак учукту аныктачубуз. Эми муну коронаврусту таап чыгуу үчүн колдонгону жатабыз. Жакынкы күндөрү эле ПРООНдун жардамы менен аппаратка 6 550 картридж алдык. Бул дал ушунча кишинин анализин чыгарса болот дегенди түшүндүрөт”, — деди Каратаев.

Маалыматка караганда, жабдуулар Улуттук фтизиатрия борборунда иштеп, саат сайын сегиз кишиден анализ алат. Жыйынтыгы бир сааттын ичинде даяр болот.

Министрлик: коронавирусту аныктаган лаборанттар чарчашты, иш абдан көп

Каратаев эми Глобалдык фонддун эсебинен дагы 50 миң картридж алынганы жатканын кошумчалады. Бул коронавирусту тез жана сапаттуу аныктоого жардам берери айтылат.

COVID-19: өлкөдө кошумча бир нече лаборатория ачылат

Эске салсак, өлкөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетти. Анын ичинен 2 162си айыгып чыкса, тилекке каршы, оорудан 43 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0