Бишкекте кафелердин иш убактысын чектөө пландалып жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКафенин жайкы террасасында кишилер. Архив
Кафенин жайкы террасасында кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистика боюнча, соңку бир сутканын ичинде эле борбор калаада 105 адам коронавируска кабылганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы кафелердин жана соода жайларынын иш убактысына чектөө киргизүү каралууда. Бул туурасында Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Ал мэрия дезинфекциялоо максатында коомдук тамактануу жайларынын жана соода түйүндөрүнүн ишин саат 22:00гө чейин чектөө пландалып жатканын маалымдаган.

Бишкекте 118 кызматы албаса, башка кимге кайрылса болот? Тизме

Ошондой эле жыйында Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп жатканы айтылган.

Соңку бир сутканын ичинде борбор калаада 105 адам коронавируска кабылганы белгилүү болду.

Мейманкана бейтап кабыл алат. Өкмөт кошумча орун даярдоого катуу киришти

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3 204 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өткөн суткада эле 250 адамдан табылды. Анын ичинен 2 162си айыгып чыкса, тилекке каршы, оорудан 43 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0