Бишкек мэриясы алты Тез жардам автоунаасын алууга тендер жарыялады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүФедеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках
Федеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын автоунааларды алууга 14 миллион 740 миң сом каралган. Тендердин катышуучулары 15-июлга чейин арыз калтырышы керек.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттык сактоо башкармалыгы "А" классындагы алты Тез жардам автоунаасын алыш үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, атайын автоунааларды алууга 14 миллион 740 миң сом каралган. Тендердин катышуучулары 15-июлга чейин арыз калтырышы керек. Алына турчу транспорттун ичинде керектүү медициналык жабдуунун баары болушу шарт.

Бишкекте 118 кызматы албаса, башка кимге кайрылса болот? Тизме

Мэрия Саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркында 64 Тез жардам автоунаасы бар экенин айтып, анын 30у жараксыз абалга келип, колдонуудан чыкканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0