Боронов: күз-кыш айларында оорунун күчөшүнө даяр болушубуз керек

Жазылуу
Кыска мөөнөттүн ичинде өлкөдөгү медициналык билим берүү мекемелеринде жана ординатура, интернатурада окуп жаткандардын ичинен адистерди даярдоо тапшырмасы коюлган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо тармагы күз-кыш мезгилдеринде оорунун өрчүү ыктымалдыгына даяр болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр ошол убакытка чейин ар бир облуста медицина кадрларынын резервин даярдоо керектигин баса белгилеген.

"Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулагандыктан, саламаттык сактоо тармагы кыйынчылыктарга туш болду. Медиктер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барып, коронавирус жуктуруп алган ак халатчандар дагы көбөйдү. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине таасирин тийгизүүдө", — деди Боронов.

Маалым болгондой, кыска мөөнөттүн ичинде өлкөдөгү медициналык билим берүү мекемелеринде жана ординатура, интернатурада окуп жаткандардын ичинен адистерди даярдоо тапшырмасы да коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0