Дем алышта калкты тейлеген эки борбор иштебейт. Алар кайсылар?

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы мындай чечим Бишкек шаарындагы коронавирус инфекциясын жайылтып албоо максатында кабыл алынганын кошумчалады.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү борбор калаада Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлеген эки кичи борбору иштебейт. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Паспорт, ПИН алып калсаңыз. Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун дареги

Билдирмеге караганда, 27-28-июнь күндөрү "Азия Молл"соода борборундагы жана ТЭЦ аймагынын "Глобус" гипермаркетинде жайгашкан калкты тейлөө борборлору иштебейт. Мамлекеттик каттоо кызматы мындай чечим Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам жана коронавирус инфекциясын жайылтып албоо максатында кабыл алынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин  калк тейлеген аталган кичи борборлор дем алыш күндөрү иштечү.

Жаңылыктар түрмөгү
0