Россиядан Бишкекке 554 кыргызстандык келди. Анын 41и ымыркай

© Фото / пресс-служба МИД КРРоссиядан Бишкекке 554 кыргызстандык учуп келди
Россиядан Бишкекке 554 кыргызстандык учуп келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекенге кайткан кыргызстандыктардын арасында ай-күнүнө жеткен кош бойлуулар, Россияга операция жасатканы кеткендер да бар.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россиядан Бишкекке 554 кыргызстандык учуп келди, анын 41и эки жашка чыга элек наристе. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар "Аэрофлот — Россия аба байланышы" авиакомпаниясынын "Санкт-Петербург — Бишкек" чартердик каттамы менен алып келинген.

"Учуп келген жарандардын арасында ай-күнүнө жетип калган кош бойлуу жана балдары бар аялдар, Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда билим алган студенттер, Россияга ден соолугуна байланыштуу операция жасатууга баргандар бар. Ошондой эле жакындарын жоготкондор жана оор кырдаалдагы жарандар дагы бул каттам менен келген", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекке Корея, Вьетнамдан мекендештер алып келинди

Мекенге келген кыргызстандыктар медициналык кароодон өтүш үчүн обсервацияга жайгаштырылары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0