Мөөнөтү бүткөн паспорттун жарактуулугун узартуу КРде жашагандарга тиешелүү эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"КРдин бардык жаранынын мөөнөтү өткөн паспорту 31-декабрга чейин жарактуу боло берет" деген түшүнүк туура эмес.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жарактуулугун узартуу боюнча өкмөттүн токтому Кыргызстанда жашаган жарандарга тиешелүү эместигин эскертти.

Маалыматта кимдир бирөөлөр тарабынан "КРдин бардык жаранынын мөөнөтү өткөн паспорту 31-декабрга чейин жарактуу боло берет" деген билдирүү тарап жатканы айтылат.

РФтеги мекендештер паспортунун мөөнөтүн кайдан узарта алат? Элчиликтин жообу

Мамкаттоо мындай маалыматты четке какты. Өкмөттүн токтому чет өлкөдө жүргөн жана жаңыдан келген кыргызстандыктарга гана тиешелүү экенин билдирет. Тагыраак айтканда, аталган жарандардын паспортунун мөөнөтү (2020-жылдын 1-январынан тарта) өтүп кеткен болсо, анын жарактуулугу 31-декабрга чейин узартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0