Электр станциясы. Архив

"Түндүк электр": абоненттердин карызы 705,5 млн. сомго жетти. COVID кесепети

76
Жарандардын электр кубатына өз убагында акча төлөбөгөндүгү суук түшкөн мезгилге даярдыкты кечеңдетет. Абоненттерден түшкөн каражат менен жабдууларды сатып алуу жана оңдоп-түзөө иштери жүрөт.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктардын ушул жылдын беш айына болгон дебитордук карызы 705,5 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, беш айдын жыйынтыгы менен бөлүштүрүүчүлөргө 2 миллиард 766 миллион кВт. саат электр энергиясы түшкөн.

"Бул 2019-жылга салыштырмалуу 40, 6 миллион кВт. саатка аз. Электр энергиясын пайдалануунун төмөндөшү коронавирус пандемиясынан улам өндүрүштүк абоненттердин ишмердигинин токтотулгандыгы менен байланыштуу. Бирок ушул беш ай аралыгындагы дебитордук карыз 705,5 миллион сомду түздү", — деп түшүндүрүштү мекеменин маалымат кызматынан.

Компаниядан белгилегендей, дебитордук карыз былтыркы жылга караганда 86,9 миллион сомго өскөн.

Энергетиктерге рахмат, жарык үчүн төлөдүм! Ырчылардын ыраазычылыгы видеодо

"Жарандардын электр жарыгына өз убагында акча төлөбөгөндүгү кышка болгон даярдыкты кечеңдетет. Абоненттерден түшкөн каражат менен жабдууларды сатып алуу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Кыйын кырдаалга карабай электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төгүп турган кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиребиз жана бардыгын өз убагында төлөөгө чакырабыз", — дешти компаниядан.

Аталган мекеменин маалыматына таянсак, берилген электр кубатынын жалпы суммасы 3 миллиард 667 миллион сомду түздү. Анын ичинен 3 миллиард 545 миллион сом же анын 96,7 пайызы гана чогулган.

26-марттан баштап "Түндүк электр" ишканасы өкмөттүн сунушу менен абоненттерди үч айлык дебитордук карызы үчүн өчүрүүнү токтоткон.

 

76
Белгилер:
төлөм, карыз, абонент, "Түндүк Электр" ишканасы
Тема боюнча
Эсептегичтин көрсөтмөсүн WhatsApp аркылуу жөнөтүңүз! "Түндүкэлектр" элге кайрылды
"Камбар-Ата ГЭС-1" өзүн-өзү 12 жылда акташы мүмкүн
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

25
(жаңыланган 21:32 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта, күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

25
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Футболчулар. Архив

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

30
(жаңыланган 20:46 07.08.2020)
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

30
Белгилер:
сыйлык, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт