Кыргызстанда дагы 309 кишиден коронавирус чыкты

© AP Photo / George CalinМедицинский работник берет пробы на коронавирус
Медицинский работник берет пробы на коронавирус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктургандар күнүнө жүздөп саналууда. Бийлик санитардык эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлө турганын айтты.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 309 кишиден коронавирус чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 118;
  • Чүй облусу - 23;
  • Ош шаары - 94;
  • Ош облусу - 39;
  • Нарын облусу - 5;
  • Жалал-Абад облусу - 19;
  • Ысык-Көл облусу - 5;
  • Талас облусу - 3;
  • Баткен облусу - 3.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетти. 

Коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап көз жумду

Азыркы тапта стационарда 633 киши дарыланып жатат, анын 12си реанимацияда. Үй карантининде оору белгиси жок өтүп жаткандардын саны 1366 болду. Ооруканадан 2 162 киши чыгарылса, 46 киши каза тапты

Жаңылыктар түрмөгү
0