Бир суткада 50 киши оорудан айыгып, стационардан чыкты

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүИркутский госпиталь ветеранов войн перепрофилируют в инфекционный
Иркутский госпиталь ветеранов войн перепрофилируют в инфекционный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен Кыргызстанда айыккандардын жалпы саны 2 212 болду. Алардын кайталап алган анализдери таза чыкканы белгиленди.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 50 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда айыккандардын жалпы саны 2 212 болду.

Кыргызстанда дагы 309 кишиден коронавирус чыкты

"Айыккандардын 26сы Бишкектен, бешөө Чүйдөн. Мындан тышкары, Ош шаарында үчөө, Ош облусунда жети, Нарын облусунда алты, Жалал-Абадда алты бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды", — деди Каратаев.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0