Булардын саны да өсүүдө. Бир суткада 43 медиктен COVID табылды

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүГородская клиническая инфекционная больница в Казахстане
Городская клиническая инфекционная больница в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан өлкөдө COVID-19 диагнозу менен медиктердин арасынан 712 учур катталды. Анын ичинен 414 ак халатчан айыгып, айрымдары жумушка чыккан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 43 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган медиктер:

  • Бишкек шаары — 19;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош шаары — 7;
  • Ош облусу — 3;
  • Нарын облусу — 2;
  • Баткен облусунда — 1;
  • Ысык-Көл облусунда — 4.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 медик 200 миң сомдон алат

Ошол эле учурда бир суткада 11 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыккан.
Жалпысынан өлкөдө COVID-19 диагнозу менен медиктердин арасынан 712 учур катталды. Анын ичинен 414 ак халатчан айыгып, айрымдары жумушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0