Үй-бүлөдөн да, там-таштан да жок сызга отуруп калдым. Мигрант күйөөнүн көйгөйү

© Фото / Pixabay / Gerd AltmannПомощь психолога
Помощь психолога - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет мигрант болуп жүрүп баарынан кол жууп, талаада калган күйөөнүн каты жарыяланды.

…Саламатсыздарбы! Сиздер аркылуу бир чети бугумду чыгарып, бир жагынан психологго кайрылууну эп көрдүм. Айла жок болуп турат.

2012-жылдан бери Россиянын Оренбург шаарында мигрант болуп курулушта иштегем. Эки балам бар. Өзүм атамдан эрте ажырап, апам кийин мен үйлөнгөндөн кийин каза болуп калды. Убагында жакшы жашоого шарт түзүү үчүн балдарымдын түпкүлүгүн ойлоп Россияга кеткем. Жашым кырктан ашканда чет мамлекеттеги жашоону, мигранттын күнүн көрдүм.

Терезенин жанында кыз отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жеңем апамды киши ордуна көрбөйт. Чырдан тажаган кыздын каты
Оренбургда тапкан акчамдан батирге жана тамакка алып калып, калганын бүт аялыма, Бишкекке салып жаттым. Алгач жер алдык, анан там салдырдык. Мен акча жөнөтүп, Кыргызстандагы жумуштарды аялым бүтүрүп жаткан. Бир жагынан келинчегим деле иштеп жатты. Ошол жер алгандан кийин бир келип, фундаментин куюп кайра кеткем. Андан кийин тытынып иштедим. Оюмда максатыма жетип, жакшы жашоого, бала-бакырама эртерээк кетейин дедим. Мени ушундай тагдыр күтүп турганын кайдан билипмин?

Жубайым экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле болчу. Кайсы күнү кудай урду, билбейм? Кээ бирөөндөй болуп аялын жүндөй сабаган жиндилигим деле жок. Телефон аркылуу кеңешип-таңашып эле оокат кылчубуз.

Там бүткөндө барайын десем, жубайым "биротоло машина да албайлыбы" деди. Туура көрүп, бир жылдан ашык иштедим. Акырында ага да жетип "ии, эми тытынбай адамча жай турмушта жашайын" деп барсам, баары мен ойлогондой чыкпады. Аялым ажырашууну ойлоп жүргөн экен. Себебин "ортобуз алыстап кетти" дейт. Эже-сиңдилери да киришип, ажылдап үйдөн кууп чыгышты.

Келинчегим экөөбүз урушуп-талашканыбыз менен эч майнап чыккан жок. Соттошкон менен деле пайда болбосуна көзүм жетти. Үй менен машина сиңдисине катталган экен. Эч нерсе кыла албадым.

Аялымдын башка бирөөсү бар окшойт деп калдым. Же эжелери бузганбы? Айтор, турмушум бир заматта башаламан болуп калды. Жалгыз карындашыман сурасам, анда-санда бир келгени болбосо ал деле эч нерсе билбептир.

Взрыв у здания РОВД в Сунженском районе Чечни - Sputnik Кыргызстан
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
Балдарымдын амандыгына каниет кылып отурсам, кайнежемдер балдарга "атаңар кетип калган" деп коюшкан экен. Эми эч болбосо балдарым батирде турбай өз үйүндө жашасын.

Ойлоп көрсөм, акыркы жылдары аялым экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз да, урушканыбыз да жалаң көр оокат болуп калыптыр.

Мен мигрант болуп жүргөнүмдө мындан аркы жашоомду тынчтыкта, балдарымдын кашында өткөрөм деп ойлоп, көргөн кыйынчылыктарга топук кылчумун. Минтип жашың элүүдөн ашканда ара жолдо калган жаман экен.

Кээде "жер алып эле баса бербей" деп ар кайсыны ойлойм. Бирок ушундай болору эч оюма келбептир. Азыр кара жанды багуу үчүн айла жок, курулушта иштеп жүрөм. Келечегим бүдөмүк. Үйлөнүп, жаңыча жашоо деле баштагым келбейт. Өзүмдү таштап салдым окшойт.

Психолог, Гүлнара Жасоолова:

Негизи бул катта үй-бүлө курууда материалдык жакка эле басым жасалгандай болуп турат. Көп адам ушундай ой менен жаңылып калат. Киши негизи жылуу мамилеге, ачык сүйлөшүүгө муктаж. Материалдык байлыкты биринчи орунга койгондон баштап үйдө ырк кетип, ажырым пайда болот. Азыр көптөгөн мигранттардын үй-бүлөсүндө бири-биринин ички сезимин жакшы тааныбагандыктан, алыстап кеткендиктен жана ой бөлүшпөй калгандыктан мамиле солгундап, ортодогу сезим муздап калган.

Ал эмес достор деле көпкө чейин сырдашпай, көрүшпөй калса алыстай түшөт эмеспи.

Подготовка к празднованию Дня Победы в городах России - Sputnik Кыргызстан
Түркияда күйөөгө тийип кеткен аялым эми балдарды, үйдү талашууда. Эркектин каты
Ошондой эле ачык чечишип албай эле ажырымдын себебин божомолдой берген болбойт. Анткени "бирөөнү таап алган го" деген шектенүү улам күч ала берет. Аялы менен күйөөсү ортодогу мамилесин жөнгө сала албаса, үчүнчү жактар (бир туугандар) кийлигише баштайт.

Сиздер жылуу, ысык мамиле керек убакта эки башка жашап калган экенсиздер, ажырым болуп калган окшойт. Ошентсе да "баары бүттү, жашоом туңгуюк" дегенге али эрте. Сиз үй-бүлөңүздү сактоо үчүн дагы да күрөшүңүз. Баары алдыда. Чечимди эрте кабыл алууга шашылбаш керек. Азыр көптөгөн психологдор жубайлардын экөөнү тең чогуу кабыл алып, туура чечим чыгарууга жардам беришүүдө. Болбосо, эч кимди кийлигиштирбей экөөңөр эле чечип ала тургансыңар.

Дагы бир жолу айтарым, үй-бүлөнүн бекемдиги үй менен машинада эмес. Ал жубайлардын ортосундагы жылуу мамиледе. Бардык жубайлар ушул жагын туура түшүнүп алышса жакшы болот эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0