Өкмөттүн аппаратында иштеген 26 кызматкерден COVID аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства КР в Бишкеке
Здание Правительства КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүгүндө оору эч белгиси жок өтүп жатканы айтылды. Мындан тышкары, алар менен байланышта болгон адамдардын бардыгы такталган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Өкмөттүн аппаратында иштеген 26 кызматкерден COVID аныкталганын маалыматы кызматы кабарлады.

Билдирүүдө эки күн мурун 11 киши инфекция жуктуруп алганы белгилүү болгону айтылат. Кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы менен дагы 15 кызматкерден вирус чыккан. Алардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана жардамчысы бар. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда экени белгиленди.

Обочолонуп иштеп жаткан Жээнбековдун абалы айтылды

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган.

Өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0