Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын "табылгасы"

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБольшой этнографический диктант в России
Большой этнографический диктант в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ жана Грузиядан барып Россияда билим алган студенттер Sputnik агенттигине россиялык билимдин аркасы менен тапкан иши, курган мамилеси, кооптуу диагнозду жеңгени жана COVID-19 илдетине кабылган жарандардын өмүрүн сактаган учурларын айтып беришти.

Данара Курманова

27 жылдан бери Россияда 27-июнда Жаштар күнү белгиленет. Бирок Россия Федерациясындагы жаштардын катарын россиялыктар гана түзбөйт. Өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, азыр Россияда 297 миң четөлкөлүк жаран билим алат.

Зайниддин Абдулкасимов: "Россияда медицинага болгон кызыгуум мурдагыдан да артты"

© Фото / из личного архива Зайниддина АбдулкасимоваБашкыр мамлекеттик медицина университетинин мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн бири Зайниддин Абдулкасимов
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Башкыр мамлекеттик медицина университетинин мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн бири Зайниддин Абдулкасимов

Зайниддин Абдулкасимов Россияга Кыргызстандан барган. Ушул тапта ал – Башкыр мамлекеттик медицина университетинин мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Сырттан келген балдарга бөтөн өлкөдө жайгашуу, анан да медициналык факультетте билим алыш кыйын болорун жакшы билет. Ошондуктан Зайниддин студенттерге көмөк көрсөтүү үчүн "Киши анатомиясы" ийриминде сабак бере баштаган.

"Медициналык окуу жайда дайым маалымат көлөмү чоң. Айрым студенттер кыйналышат, биз теорияны кошумча түшүндүрүп, практика менен бышыктайбыз", — деди ал.

Россияда COVID-19 пандемиясы күч алып турганда Зайниддин Уфадагы коронавирустук госпиталга жардамдашууга бет алат. Бирок, ал айтмакчы, бул кадамында эч кандай баатырдык жок эле. Анткени өзү да болочоктогу врач.

"Албетте, чочулабай койгон жокмун. Өз саламаттыгыңды тобокелге салып жатканыңды түшүнөсүң. Анан калса, 6 саат чумага каршы костюм кийип тынымсыз иштөө чындап эле оор", — деди кыргызстандык Абдулкасимов.

© Фото / из личного архива Зайниддина АбдулкасимоваРоссияда COVID-19 пандемиясы күч алып турганда Зайниддин Уфадагы коронавирустук госпиталга жардамдашууга бет алат
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Россияда COVID-19 пандемиясы күч алып турганда Зайниддин Уфадагы коронавирустук госпиталга жардамдашууга бет алат

Ошону менен бирге эле бүтүрүүчү андай жагымсыз учурлардын баарын ынтымактуу жамаат жана бейтаптардын сакайышы жууп кеткенин айтат. Зайниддин 70 жаштагы бир бейтабына суктанганын койбойт. "Оор абалда келип, реанимацияга түшүп калды... Бирок тамашакөйлүгүн айтпаңыз. Чындап эле көп нерсе маанайга жараша экен, акыбалы жакшырды. Анан терапияга которулду", - деп эскерет.

Элчи: РФ менен КРдин ортосундагыдай алака башка өлкөлөрдө жок

Ал эми болочок кесипке кызыгуу көбүнесе университетке жараша экенин баса белгилейт Зайниддин. "Муну сөзсүз жазышыңызды өтүнөр элем, окутуучуларга ыраазымын. Алар медицинага болгон кызыгуумду арттыруу үчүн бүт аракетин жумшашты", — дейт ал.

Зарэ Геворкян: "Өз өлкөмдү жакшы жагынан тааныткым келет"

© Фото / предоставлено Зарэ ГеворкяномЗарэ Геворкян Москва шаарындагы Мээ жана нейротехнологиялар федералдык борборунда эмгектенди
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Зарэ Геворкян Москва шаарындагы Мээ жана нейротехнологиялар федералдык борборунда эмгектенди

Зарэ Геворкян да коронавируска кабылган бейтаптарды дарылаган. Болгону ал Москва шаарындагы Мээ жана нейротехнологиялар федералдык борборунда эмгектенди.

Зарэ Н.И.Пирогов атындагы медициналык институттагы COVID-19 менен күрөшүүдө врачтарга кол кабыш кылууга аттанган алгачкы студенттерден эле. Мээ борборундагы ар бир кезметин ал тамашага чала "өзгөчөлөнгөн аймак" деп атап коет.

"Баарынан кыйыны — сени эмнелер күтөрүн түшүнбөйсүң. Бул оору жаңы, сен коргоочу костюм кийип, жандандыруу бөлүмүнө киресиң. Кыйналасың, бирок кезектеги бейтаптан жасалма дем алдыруучу аппаратты чыгарганда баары унутулат. Анткени сен жаңы эле анын өмүрүн сактап, үй-бүлөсүнө аман-эсен тапшырасың. Башкысы — бул бир топтун биргелешкен эмгеги, алар менен ийиндеш туруп адамды ажалдан арачалоого тырышасың. Оорукананын жетекчилиги да бизге аябай кам көрдү", — деди Зарэ.

Станалиева: "Онлайн-университет" өлкөнүн билим берүү тармагына көмөк көрсөтөт

Коронавируска кабылган бейтаптарга жардам берүү Зарэ үчүн биринчи медициналык тажрыйба эмес. Россиялык хирургия илимий борборунда бөйрөк алмаштыруу бөлүмүндө медициналык кызматкер болуп үч жыл иштеген. 

© Фото / предоставлено Зарэ ГеворкяномКоронавируска кабылган бейтаптарга жардам берүү Зарэ үчүн биринчи медициналык тажрыйба эмес
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска кабылган бейтаптарга жардам берүү Зарэ үчүн биринчи медициналык тажрыйба эмес
"Оор абалдагы бейтаптар жатат, баары бир жаңы салынган бөйрөгү бөтөн да. Алар ооруканада узак жатат, аягында ар бирине жакын кишиңдей мамиле кылып каласың. Аларда ар бир күн — күрөш. Бейтаптардын бири бөйрөк алмаштыруу үчүн үч жыл кезек күтүп жүрөт. Акырына чейин чыдады. Бул — эбегейсиз кайрат. Биз азыркыга дейре кээде жазышып, ал-акыбал сурашып турабыз", — деди ал.

Зарэ терапевт апасынын жолун жолдоп, врач болууну чечкен. Ошондуктан биринчи курстан тарта окууга олуттуу караган. Алты жыл бою окуудан тышкары да конференцияларга катышып, илимий макалаларды жазып, дарт аныктоо жана хирургия боюнча олимпиадаларда жеңип жүргөн. Мындай аракеттеринин жыйынтыгы Москва өкмөтүнүн энчилүү стипендиясы жана кызыл диплом болду. Ошону менен катар эле Зарэ университетте армениялык жердештикти жетектөөгө да үлгүрөт. "Убакыт дайым, ал түгүл медициналык окуу жайда окусаң да жетишет. Болгону аны туура бөлүштүрө билүү зарыл. Коомдук иш алпаруу көңүлүмө жагат. Жылына бир жолу университеттин улуттар фестивалына катышабыз. Концерт уюштуруп, келген элге улуттук тамак-аштарыбызды сунабыз. Арменияны жакшы жагынан таанытууга умтулабыз", - деп айтып берди ал.

Виктория Гветадзе: "Чыныгы грузин катары диссертациямды да шарап тууралуу жазып жатам"

© Фото / предоставлено Викторией ГветадзеВиктория Гветадзе Россиялык-грузиндик мамилелерди жандандыруу фондунда иштейт
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Виктория Гветадзе Россиялык-грузиндик мамилелерди жандандыруу фондунда иштейт

Виктория Гветадзе окуучу кезинен бери эле Россиялык эл достугу университетинде билим алууну самаган. Көксөгөнүн ишке ашыруу үчүн бюджеттик бөлүмгө өтүп, француз тилин үйрөнгөн. Себеби бул бийкеч өзгөчө программаны тандап алып, жарым жыл Франциядан окуп келген.

"Студенттик жашоом абдан маңыздуу өттү. Конференциялар, Россотрудничество тарабынан уюштурулган иш-чаралар, Горчаков фондунун достор клубу… Анан да грузин жердештигинин президенти жана группамдын старостасы элем", — деди Виктория.

Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу

Жердештикти жетектегени Виктория университетте гана эмес, андан тышкары да өз мамлекетин таанытууга белсенген. Билим алган университетинде грузин музыкасынын кечтерин, ВДНХда грузин маданияты көргөзмөлөрүн жана Москва улуттар ордосунда "Грузия менен таанышабыз" аттуу интеллектуалдык оюнду уюштурган.

"Грузияга ашык болбой кое албайсың. Ошол себептен биздин иш-чараларга башка улуттун өкүлдөрү дайым калтырбай келишчү. Бир жолкусунда биз хосписте концерт коюп, бийлеген элек. Бир апа келип, мени кучактай "ырахмат, силер тартуулаган кубанычтан дем-күч алдым" дегени мени аябай элжиреткен. Эми өзүмдүн кайрымдуулук фондумду түптөөнү көздөп жүрөм", — деди грузиялык кыз.

Азырынча Виктория Россиялык-грузиндик мамилелерди жандандыруу фондунда иштейт, кандидаттык диссертациясын жазат. Чыныгы грузин катары илимий ишин да шарап темасына арнаганын айтып жылмаят.

"Экономист катары дүйнөлүк шарап рыногундагы структуралык жылыштарды изилдейм. Анан, албетте, илимий ишимде Грузия да камтылат. Айтор азыр да билим алууну улантып келем. Баса, болочок жолдошум менен да окуп жүргөндө, Грузин диаспорасынын иш-чарасында таанышкам. Андыктан кыялдарымдын баары орундалып келет, бул жакка окууга тапшырганыма түк өкүнбөйм!" — деди Виктория.

Адиль Ермек: "Эң оор маселелерди чечем, анткени россиялык билим мени курчутту"

© Фото / из личного архива Адиля ЕрмекаКазакстандык Адиль Ермек Улуттук өзөктүк изилдөө университетинин Москва инженердик-физикалык институтунун (МИФИ) студенти
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык Адиль Ермек Улуттук өзөктүк изилдөө университетинин Москва инженердик-физикалык институтунун (МИФИ) студенти

Казакстандык Адиль Ермек ар кыл олимпиада жана сынактардагы жетишкендиктери менен Улуттук өзөктүк изилдөө университетинин Москва инженердик-физикалык институтуна (МИФИ) оңой эле өтмөк. Бирок Адиль татаал жолду тандап, бардык курбалдаштарындай эле кирүү экзамендерин тапшырган.

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи

"Программалоо факультетине тапшыра алмакмын. Ал эми мен физикага кызыкчумун. Бала чагымдан бери инженер болууну эңсегем", — деп айтып берди жигит.

Бул багытта дал Москвада билим алууну Адиль да кенедейинен көксөгөн. "МИФИде билим алуу абдан татаал. Мында окууну аягына чыгарыш кыйын. Бирок бул окуу жай мага татаал маселелерди чече билүүнү үйрөттү. Алдыга койгон максаттарыма жетеримди билем, себеби университет мени кыйла курчутту" дейт Адиль.

Казакстандык жигиттин бул айтканын анын жетишкендиктери тастыктайт. Биринчи курста окуп жүргөндө эле ал физика боюнча Бүткүл россиялык олимпиаданы жеңип алган. Ал эми азыр өзү окутуучулуктун өтөсүнө чыгуу далалатында. Бир нече жыл мурун Адиль кичинекей балдарга физика жана математика боюнча онлайн-сабак берген билим берүүчү порталын ачкан. Жеке мектебинин мейкиндиги да кең: Россия, Казакстан, АКШ жана Францияга чейин камтыйт.

"Атыраудан мага бир бала Новосибирскиге окууга тапшырууга даярдоо өтүнүчү менен кайрылган. Мындай мисалдар арбын. Кээде атайын мектепке киргиси келген 6-класстын окуучулары жазышат. Алар адамдын колунан келбеген эч нерсе жоктугун жеткиргим келет. Албетте, менин окуучуларым каалаган мектеп жана университеттерине өткөндө сыймыктанбай койбойм. Бул аракетимдин текке кетпегенин көрсөтөт. Анткен менен бул жеке менин эмгегим эмес, алардыкы, менин милдетим тек гана багыттоо экенин айтып келем", — дейт окутуучу.

Россия ТИМинин алдындагы эл аралык институтка кабыл алуу башталды. Шарты

Билим берүү долбоору менен Адиль гендердик көндүм пикирлерди да жоюуга күч жумшайт. Физика сабагына кыздар да көп жазылат. "Жакында эле бир кызды эки ай даярдагам, лицейге өттү, — дейт Адиль. — Илим баарына жеткиликтүү болууга тийиш. Ошол себептен аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын акысыз окутам".

Самира Мустафаева: "Азербайжандык болгонуң пейилиңдин кеңдигин айгинелейт"

© Фото / из личного архива Самиры МустафаевойБелгилүү россиялык жана азербайжандык гимнастка Самира Мустафаева
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү россиялык жана азербайжандык гимнастка Самира Мустафаева

Белгилүү россиялык жана азербайжандык гимнастка Самира Мустафаева бала кезинде тартипке анча баш ийбегенин эскерет.

"Пайдалуу азыктардын ордуна таттуу жеп, машыктыруучунун айткандарын кулак сыртынан кетирчүмүн", - деп эскерет ал. Ушул тапта Самира — дүйнө чемпиондуктарынын бир нече жолку жеңүүчүсү, П.Ф.Лесгафт атындагы Дене тарбия университетинин бүтүрүүчүсү жана фитнес студиялар түйүнүнүн негиздөөчүсү.

Көпчүлүк компаниялардан айырмалана, дал Самиранын студиялар түйүнү пандемия каатчылыгы убагында туруштук берүүдө. Бийкеч бизнесинин сакталып калышына өзүнүн Россия жана Азербайжандагы спорттук таржымалы көмөкчү деген ойдо.

Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

"Чоң спорттон дароо чоң бизнеске кадам таштагам. Ар кандай кырдаалга ылайыкташып кете алам. Ошондуктан обочолонуу маалында биз дароо онлайн активдүүлүккө өттүк. Спортто сен жеке чыксаң да артыңда бүтүндөй бир команда турат. Сенин жеңиштериң аларга да таандык. Ошондуктан карантин убагында кызматкерлерге жардамдашуу мен үчүн чоң мааниге ээ эле", — деди Самира.

Сардор Содиков: "Россияда билим алуу менен Өзбекстандагы илимди өнүктүрүүдөмүн"

© Фото / из личного архива Сардора СодиковаӨзбекстандан келген Сардор Содиков Жогорку экономикалык мектептин сыймыгы
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандан келген Сардор Содиков Жогорку экономикалык мектептин сыймыгы

Өзбекстандан келген Сардор Содиков Жогорку экономикалык мектептин сыймыгы, себеби ал утпаган грант же стипендия калган жок.

"Илимий ишмердигим үчүн жогорулатылган стипендия берилчү. Андан тышкары, Jaguar Land Rover компаниясынын Game Changer, Оксфорд жана президенттик стипендияларды алчумун", — деп тизмектейт Сардор. Анткен менен бул жетишкендиктеринде төш кага турган деле жагдай жок деп эсептейт.

"Бул жакка окуш үчүн келдим да. Мындай мүмкүнчүлүктүн баарын колдон чыгарып жиберүү акылсыздык болмок. Биздин окуу жайда испан тилин үйрөнүүгө шарт бар эле. Албетте, аны да пайдаландым", — дейт ал.

Кыргызстандан Россияга билим сапары: пандемия учурунда кантип окууга өтсө болот

Азыр Сардор аспирантурада окуйт. Бир убакта илимий ишмердигин жумуш менен да айкалыштырган (Сардор макроэкономика боюнча студенттерге англис тилинде сабак берген), бирок бул жигитке лимфома деген диагноз коюшат.

"Стресске жана депрессияга кабылган жокмун. Албетте, ар бир адамдын өз психологиясы бар, бирок мен үчүн башка нерселерге алаксуу жеңил болду. Изилдөө долбоорун жазууга кириштим, ал мага чоң кубат берди", — деп айтып берди ал.

Сардордун стратегиясы өзүн актады, дартын жеңип, ушул тапта Өзбекстанда суу боюндагы волейбол ассоциациясын ачуу долбоору менен алек. Анын демилгесине Бүткүл россиялык волейбол федерациясы да кызыккан. Мындан сырткары, Сардор Содиков Борбор Азиядагы экономикалык процесстерди изилдейт. Анын билим алуусунун маңызы дал ушунда. Тажрыйба топтоп, өз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошууну көздөйт.

Гурдофарид Сангин: "Тажикстан боюнча көндүм пикирлерди өзгөрткүм келет"

© Фото / из личного архива Гурдофарида СангинаГурдофарид Сангин Мечников атындагы СЗГМУнун студенти
Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын табылгасы - Sputnik Кыргызстан
Гурдофарид Сангин Мечников атындагы СЗГМУнун студенти

Гурдофарид Санкт-Петербург калаасына ашык экенин жашырбайт. "Алгач тогузунчу класста окуп жүргөнүмдө келгем. Сөзсүз ушул жактан билим алам деп өзүмө өзүм убада бергем", – дейт ал.

"Ошентип максат койгом. Көптөгөн олимпиадаларда жеңишке жетиштим, ал тургай Худжанд мэринин стипендиясын алчумун. Акыры Россотрудничество программасы боюнча Мечников атындагы СЗГМУга өттүм", — деп айтып берди студент.

Гурдофариддин окуй баштаганына бир жыл гана болду. Бирок ушул убакыт аралыгында ал Тажикстан тууралуу көндүм пикирлерди алмаштыра алды. Көпчүлүк адамдар анын орус тилинде акцентсиз сүйлөгөнүнө жана илимий ишмердигине таңданышат. Себеби бул студент Сырдарьяны тазалоо боюнча долбоор жазып, анын жээгинде топтолгон калдыктарды кайра иштетүү боюнча акцияны уюштурган. Азыр Гурдофарид — Тажикстандын кенже илимдер академиясынын мүчөсү.

"Сен дайым эле окуп жүрөсүң, орусча да такалбай сүйлөйсүң. Тажиктер курулушта гана иштешет деп ойлочу элек" дегендерди уктум. Бирок андай кепке териккеним деле жок. Менин аракетим башка — адамдарга тажик даамынан ооз тийгизем, өлкөмдүн маданиятын таанытам. Университетте бир адат пайда болду: көп улуттуу группабыз, майрамдарды бирге өткөрөбүз, улуттук, анын ичинде тажик бийлерин да бири-бирибизге үйрөтөбүз. Ошентип башка элдин менин өлкөм боюнча пикирлери өзгөрөт".

Жаңылыктар түрмөгү
0