Кыргызстандык Улан Ракымжанов

Америкалыктарга сабак берген Улан: глобалдык IT-компанияга айлансак дейбиз

1621
(жаңыланган 23:17 28.06.2020)
АКШ азыркы учурда коронавирус пандемиясы жайылган өлкөлөрдүн сап башында. Мындай оор учурда өлкөнү массалык башаламандыктар каптап, дартты ого бетер күчөтүүдө.

Кыргызстандык Улан Ракымжанов бир нече жылдан бери Сан-Франциско шаарында жашап, студенттерди компьютердик программалоого үйрөтүп келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги аны менен байланышып, өлкөдөгү азыркы абал, расалык теңсиздиктен келип чыккан толкундоолор жана өнүккөн IT тармагы боюнча маектешти.

— Улан, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?

— Өзүм айыл жергесинде төрөлүп-өскөн жигитмин. Мектепти айылдан баштап, 6-классты аяктагандан кийин Каракол шаарындагы лицейде окуумду уланттым. Аны бүтүргөн соң жогорку билимди чет өлкөдө алайын деп чечип, Түркиядагы Йылдыз Текник университетине тапшыргам. Сынактан өтүп, химия бөлүмүндө окуп калдым. Ал жерде 2015-жылга чейин билим алдым.

Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек

— АКШга кандайча барып калдыңыз?

— Түркияда чын дилимден, берилип билим ала алган жокмун десем туура болот. Себеби мектепте жүргөн кезде олимпиадаларга ийгиликтүү катышып жүргөм. Мындан улам университетте окутулган материалдардын көбү менен тааныш болчумун. Алар мага кандайдыр бир кызыгуу жараткан жок. Анан окуу акысын, батир акчасын төлөө үчүн ар кандай жумуштарда тажрыйба топтоп иштеп баштадым. Анан жаңы нерсе менен алектенүүнү чечтим. Ошентип компьютердик программалоо тармагына кызыгуум арта баштады. Ошол кезде АКШда окуган дос балам окууну Америкадан улантууну сунуштап калды. Өзүмдү да "химия бөлүмүн бүтүрсөм кантип карьера жасайм" деген ой түйшөлтүп жүргөн. Дароо эле сынакка катышып, керектүү документтерди топтоп 2016-жылы апрель айында АКШнын Миссури штатында жайгашкан Линденвуд университетинин IT бөлүмүнө тапшырдым. Бирок ал жакка кабыл алынган соң окуумду Чикагодогу Рузвельт университетине котордум. Баары ийгиликтүү болуп, 2018-жылы магистратураны аяктадым.

Улан Ракымжанов из Кыргызстана уже несколько лет живет в Сан-Франциско, обучая студентов программированию.
© Фото / предоставлено Уланом Ракымжановым
Кыргызстандык Улан Ракымжанов бир нече жылдан бери Сан-Франциско шаарында жашап, студенттерди компьютердик программалоого үйрөтүп келет

— Азыр эмне менен алектенесиз?

— Окуумду бүтүргөн соң Сан-Францискодогу фирмалардын биринде инженер катары иштей баштадым. Ал жерде эки айдай жүрүп, белгилүү Amazon компаниясында иштеген кыргызстандык Марат Гаипов менен таанышып калдым. Ал ошол учурда жумушунан кийин үйүндө эле тааныштарына IT тармагын үйрөтүп жүргөн болчу. Мен да бара баштадым. Ошентип отуруп мугалим катары студенттерге компьютердик программалоону үйрөтүп калдым. Андан соң бул тармакка бар күчүмдү жумшайын деп өз жумушумдан чыгып кеттим. Ушул жылдын башында фирмабызды расмий түрдө ачып, студенттерди окутуп баштадык. 

— Негизинен кимдер сабак алышат?

— Көбүнчөсү кыргызстандык жана казакстандык студенттер. Америкалыктар, түрк жана армян улутундагылар да бар. Азыр атыбыз анчалык тааныла элек. Мындан улам көпчүлүк биз тууралуу уга элек десем болот. Бирок ишибизди жакшылап алып кетсек, катарыбыз дагы да толукталат деп ишенем.

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

— Коронавирус жумушуңуздарга тоскоолдук жараттыбы?

— Июль айында Чикаго шаарында кеңсе ачмак элек. Бирок эпидемиядан улам азырынча онлайн иштеп туралы деп чечтик. Турмуш мурдагы нугуна түшсө, ишке ашыра турган жакшы ойлорубуз бар. Негизги максатыбыз — глобалдык деңгээлдеги компанияга айлануу. Башка ишканаларга окшоп кыска мөөнөттө акча табуунун гана үстүндө иштебей, элге жаңы технологияны, компьютер тилин татыктуу үйрөткөн компания болобуз деген тилегибиз бар.

— Негизи эле IT тармагы тууралуу кеп кылсаңыз. Бул жаатта ийгиликке жетишкен кыргызстандыктар тууралуу көп угуп калабыз?

— Бул өтө кеңири тармак. Акыркы учурда элдин да кызыгуусунан улам бул жаатта иш алып барган ишканалар өтө көбөйүп кетти. Алардын арасында "жасалмалардын" да саны көп экендигин унутпашыбыз керек. Мен азыр ошондой фирмалардын чыныгы жүзүн ачуу, жөнөкөй адамдарды алданып калуудан сактаган долбоор иштеп жатам. Акыркы убактары IT тармагында ийгиликке жетишкен кыргызстандыктардын саны көбөйдү. Мен да Google, Facebook сыяктуу чоң компанияларда иштегендер тууралуу маалымат каражаттарынан көп окуп калам. Бирок мага "ийгиликтүү" деп ошолорго эле басым жасай берүү өөн учурайт. Анткени башка тармактарда да жакшы иш алып барган кыргызстандыктар толтура. Алар да колдон келишинче Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп жатышат. Жаңы мезгил, жаңы технология деп жатып алар унутта калып кетпеши керек. Жалпылап айтканда, элибиздин акылды пайдаланган иштерге көбүрөөк аралаша баштаганы сүйүндүрбөй койбойт.

Улан Ракымжанов из Кыргызстана уже несколько лет живет в Сан-Франциско, обучая студентов программированию.
© Фото / предоставлено Уланом Ракымжановым
Улан Ракымжанов: максатыбыз — глобалдык деңгээлдеги компанияга айлануу. Башка ишканаларга окшоп кыска мөөнөттө акча табуунун гана үстүндө иштебей, элге жаңы технологияны, компьютер тилин татыктуу үйрөткөн компания болобуз деген тилегибиз бар

— Эми маектин өзөгүн азыр бүт дүйнөнүн шаштысын алган коронавируска бурсак. АКШда азыркы абал кандай?

— Өзүңүздөр деле билгендей, АКШ вирустун соккусуна катуу кабылган өлкөлөрдүн бири. Эң көп жугузгандардын да, өлгөндөрдүн да саны боюнча Нью-Йорк штаты алдыда. Медициналык анализдер 75 жаштан жогоркулардын эң көп каза болуп жатканын көрсөтүүдө. Ошондой эле алардын арасында эркектердин саны аялдарга караганда 10 пайызга көп. Башында мен түнөктөгөн Калифорния штатында абал башкаларга караганда туруктуу эле. Бирок акыркы кездери вируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп кетти. 

— Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал абалы же болбосо карантин кандай өтүп жатат? Кыргызстандагыдан айырмасы барбы?

— Мен Кыргызстандагы карантин тууралуу соцтармактардан, жаңылыктардан гана кабар алып жаттым. Негизи АКШда пандемия катуу болгону менен өзгөчө кырдаал анча катаал болгон жок. Карапайым эл үчүн да бир катар жеңилдиктер түзүлдү. Көчөдө өз ишиң менен жүрүп же дүкөнгө бара жатып, күч органдары тарабынан катуу суракка алынган учурлар болгон жок. Кыргызстандыктардын баш оорусуна айланган уруксат кагазы колдонулбады. Жарандарга маалыматтык жактан да чоң жардам көрсөтүлүп жатты. Жумушсуз калган кишилердин көбүнө мамлекет ай сайын акчалай көмөк көрсөтүүдө. Албетте, бизнес тармагы бир аз кыйналды, бирок бул бүт дүйнөдөгү эле көрүнүш. Азыр кээ бир штаттар акырындан ачыла башташты. Көпчүлүк ишканалар, айрыкча IT-компаниялар кызматкерлерин жылдын аягына чейин үйүнөн иштөөгө даярдап жатышат. Бирок карантин дагы созулуп калса бийликтин жардамына карабай, кээ бир фирмалар банкрот болот деген сөздөр байма-бай чыгып жатат.

Чек ара жабылып, үй-бүлөм башка өлкөдө калды. Сингапурдагы кыргызстандыктын маеги

Мен вирус башталардан эки ай мурун жумушумду онлайнга өткөргөн болчумун. Мындан улам иш жаатында өзгөрүү болгон деле жок. Тамак-аш, азык-түлүк жагынан деле кыйынчылык жаралбады. Болгону дүкөндөрдө кезекке турган кардарлардын саны көбөйдү. Ошентсе да керектүү нерселерге интернет аркылуу буюртма берип жатабыз. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, спорт менен жетиштүү алектене албай калдым. Жаңы эле машыгуу залына жазылып, пландарды түзүп, ден соолукту чыңдайын деп баштаганда баары жабылды. Ошондой эле өлкөдөгү башка кыргызстандыктардын да абалы жакшы эле. Арасында ооругандар же кыйналып көчөдө калгандар тууралуу уга элекмин.

Улан Ракымжанов из Кыргызстана уже несколько лет живет в Сан-Франциско, обучая студентов программированию.
© Фото / предоставлено Уланом Ракымжановым
Улан Ракымжанов: өлкөдөгү башка кыргызстандыктардын да абалы жакшы эле. Арасында ооругандар же кыйналып көчөдө калгандар тууралуу уга элекмин

— Акыркы убактары АКШда толкундоолор да болуп кетти?

— Башаламандыктар афроамерикалыктар көбүрөөк жашаган Атланта, Нью-Йорк жана Чикаго сыяктуу жерлерде өтүп жатат. Мен жашаган Сан-Францискодо бир аз тынчыраак.

— Өзүңүз АКШда кандайдыр бир расалык түшүнбөстүккө кабылдыңыз беле?

— Өлкөгө келгенден бери ар кандай улуттар менен иштешип келе жатам. Алгач келгенде иш жериндеги өнөктөшүм ак терилүү америкалык болчу. Мага эң көп жардам бергендердин бири болду. Эми АКШда системалык расизм бар. Бул мурдатан болуп келе жаткан нерсе. Мындан эң көп кара терилүү жарандар жапа чегет. Жеке мен андай нерсеге кабыла элекмин. Тескерисинче, Түркияда жүргөндө кайсыл жерден болосуң деп сурагандар, азиат деп тийишкендер көп эле.

1621
Белгилер:
маек, башаламандык, оору, коронавирус, IT компаниялары, мекендештер, АКШ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1065)
Тема боюнча
COVID-19 жуктурган кыргызстандыктардын негизги катасы эмнеде. Эпидемиологдун маеги
Көзүм көрбөй каларын билгем. Ишкерликке кадам таштаган Матлюба менен маек
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот? Кеңеш

552
(жаңыланган 16:24 27.09.2020)
Батир сатып алууга тыйыны жетпеген сатып алуучунун баянын курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров айтып берди. Ипотекага ашыкча каражат төлөгүсү жок, бирок дароо акчасын чыгарып турак жайды сатып алууга чама-чаркы чак келбейт...

Бектур Садыров борбор калаадагы ири курулуш компанияларынын биринде жети жылдан бери коммерциялык директорлукту аркалайт. Ал жаңы курулган үйдөн батирге ээ болуунун оош-кыйыштары туурасында айтып берди. Чатырлуу болууну чечкен бишкектиктерге пайдалуу болчудай.

— Келиңиз жаңы үйлөр туурасында сүйлөшөлү. Коронавирус кыймылсыз мүлк рыногундагы бааларды төмөндөттү десек болобу?

— Балким, эң арзан кыймылсыз мүлктүн баасы түшүп кеткендир. Рынокко тыкыр көз салып турам, кээде өтө төмөн баадагы батирлерди таап калам. Маселен, жер казылып жаткан баскычында батирлер бир чарчы метри 350 доллардан сатылган. Карантинге дейре алар 500 доллардан турган. Башкача айтканда, эконом-сегменттеги оюнчулар арасында эбак баа согушу – демпинг башталды. Ошону менен бирге эле баамдаган болсоңуздар, рынок лидерлери 20-30 пайызга арзандатпайт. Андай батирлердин баасы башта кандай болсо, азыр да ошол калыбында. Мисалы, биздин ишканага эпидемиядан улам талаптын азайганы туюлган жок.

Эгер батир сатып ала турган болсом, эң арзан турак жайды албас элем. Андан көрө бир аз күтө туруп, акчаны толуктап, чарчы метри 600-700 доллардын тегерегиндеги батирди сатып алган дурус.

— Аябай арзан батирлердин эмне мандеми бар?

— Мисалы, жер көйгөйлүү болушу мүмкүн. Балким, ижарада турат. Көп нерсе жерге жараша: эгер Бишкектин дал ортосунда жана чет жакасында бирдей эки үй курулса, анда чарчы метри борбордогу 200 долларга кымбатыраак турат.

Анан да арзан турак жайды сатып алуучу бир катар ыңгайсыздыктарга тушугушу ыктымал. Мисалы, лифт улам иштебей калат же кошунаңдын ойгонгону угула берет.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бектур Садыров борбор калаадагы ири курулуш компанияларынын биринде жети жылдан бери коммерциялык директорлукту аркалайт

— Азыр эл акчадан мурдагыдан да кыйналып калды. Эгер батирге акчасы болбосо, бирок үй-жайлуу болууга ашыгып турса, сиз эмнени сунуштайт элеңиз? Ипотеканыбы?

— Коңшу мамлекеттерде, тагыраагы, Казакстан менен Россияда кыймылсыз мүлк келишимдеринин 80 пайызы — ипотека. Биздин өлкөдө да ипотека сатууну олуттуу түрдө жогорулата алмак. Бирок бүгүнкү күндө биздин банктар ипотеканы өтө жогору пайыз менен беришет.

Бизде ипотеканын жылдык пайызы 10-16ны түзөт. Адатта сатып алуучу аны кеминде беш жыл төлөйт. Эсептесек, сиз банкка ушул убакыт аралыгында батирдин наркынан 60, ал тургай, 100 пайыз ашыра төгүүгө аргасыз болосуз.

Башка бир, кыйла пайдалуу жолу – батирди курулуш ишканасынан сатып алуу. Алдыңкы саптагы курулуш компаниялары 2,5 жылга бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берет. Айрымдары 5 жылга чейин күтүүгө даяр. Мындайда сатып алуучу эч кандай пайыз төлөбөйт.

Турмушта орун алган бир учурду сизге мисал келтирейин. Бизде бир бөлмөлүү батир 23 миң долларга сатылып жаткан. Аны ага каражаты жетпей калган сатып алуучу алган. Батирдин наркынын 30 пайызын (8 миң доллардын тегерегинде) төлөп, эки жарым жыл айына 550 доллардан төлөгөн. Эми ал – ошол кишинин батири.

— Сатып алуучу кайсы бир маалда төлөй албай калса кантет?

— Батирди сатыкка чыгарышат, мурдагы ээси салган акчасын кайтарып беришет. Негизи коронавирустан улам ижаралап жашаган бишкектиктер өз чатырын сатып алууга белсеништи. Бир нече ай маянасыз калып, алар турак жайыңдын болушу канчалык маанилүү экенин түшүнүштү.

Бишкекте батир ижаралоо дүйнөлүк ченем боюнча анчалык арзан эмес. Башкача айтканда, турак жайды жети-он айга ижаралоо менен бишкектиктер анын наркын төлөгөндөй эле болушат.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бектур Садыров: Казакстан менен Россияда кыймылсыз мүлк келишимдеринин 80 пайызы — ипотека. ал эми биздин өлкөдө банктар ипотеканы өтө жогору пайыз менен беришет

— Ижарага бергендер үчүн пайдалуубу?

— Ооба, турмуштан мисал келтирейин. Биздин туруктуу кардарларыбыз бар. Алар ар бир комплекстен бирден батир сатып алышат. Адегенде бирди, анан экинчисин сатып алышат, анан үчүнчүсүн... Элестүү түшүндүрө турган болсок, улам кийинки батирге алар өз батирлериндеги ижарачылардын эсебинен кутулушат. Ошентип, кыймылсыз мүлк кыймылсыз мүлктү “сатып алат”.

— Ижарага берүү үчүн кандай батирлерди сатып алуу пайдалуу?

— Эконом-класстагы кыймылсыз мүлктү алда канча бачым ижарага бере аласыз. Бирок анда да баа чеги бар: бир бөлмөлүү батирди 250 долларга, эң көп дегенде 300 долларга берилет. Эгер премиум класстагы батир алсаңыз, анда аны үч бөлмөлүү батирдин баасында берүүгө болот. Андан сырткары, адатта андай тургундар менен да көйгөй азыраак. Бирок баары дайым эле ушундай тегиз боло бербейт.

— Сиздерден мамлекеттик ипотека боюнча турак жай сатып алгандар барбы?

— Мамлекеттик ипотека менен кайрылгандар болгон, бирок алардын бири да бизден турак жайды ийгиликтүү сатып ала алышпады. Анткени каржылык алкакка сыйбайт. Ал жакта кандай акча бөлүнөрүн билбейм, бирок көпчүлүгүндө болгону 20 миң, кээде 25 миң доллар болот, бирок ремонттолгон батирди каалашат. Тилекке каршы, бизде андай сунуш жок.

— Даяр батирге караганда тээ чуңкуру казылып жатканда сатып алган оң экени түшүнүктүү. Бирок, билишимче, бул – кыйла кооптуу жол.

— Ооба, Кыргызстандын рыногу бөтөнчө. Балким, турак жайдын 95 пайызы курулуш убагында сатылар. Бирок кээде мындай болуп калат: курулуш компаниясынын кожоюну эч нерсени куруп үлгүрө элек, бирок үлүшчүлөрдөн аябагандай чоң сумманы алып коет. Андай байлык ишкананын ээсинин башын айлантышы ыктымал. Акчанын баарын өзүнүкүндөй көрүп алат. Анын кесепетинен курулуш токтойт, үлүшчүлөр жапа чегет.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бектур Садыров: мамлекеттик органдар менен иш алып барууда ушундай – өтө бюрократиялык жагдай бар

— Бир риелтордон: “Эгер 10 курулуш ишканасы октябрда үйдү пайдаланууга берейин деп убада кылды дейли. Алардын канчасы убадасын аткара алат?” деп сураганымда ал: "Эч бири!" – деп жылмайган эле. Эмнеге андай болуп калат?

— Мамлекеттик органдар менен иш алып барууда ушундай – өтө бюрократиялык жагдай бар. Бир жолкусунда биз өзүнчө бир рекорд койгон элек, 12 кабат үйдү болгону жети айда пайдаланууга бергенбиз. Бирок бул процедура бир жылдай жана андан да узак сүрүшү мүмкүн. 2016-2017-жылы курулуп баштаган, бирок алигүнчө пайдаланууга бериле элек көп үйлөрдү көрдүм. Ошентсе да эл кирип жашап алган.

— Колдонууга берилген же бериле элек үйлөрдөгү жашоо кандай айырмаланат?

— Биринчиден, жашоочулар шаардык коммуникациялык көйгөйлөргө көп кабылат: үй курулуш компаниясынын балансында тургандыктан, электр үчүн 73 тыйын эмес, 2,7 сом төлөөгө туура келет. Анткени коммерциялык тариф сакталат. Негизи мындай ашыкча чыгымдарды курулуш компаниясы жаап бериши керек, бирок дайым эле андай боло бербейт.

Экинчиден, пайдаланууга берилгенче объект бүтө элек деп эсептелет. Башкача айтканда, жашоочулар үйдүн айланасындагы жерди толук кандуу балансына алып, ТСЖ кура алышпайт.

— Бишкектиктер негизинен шаардын кайсы бөлүгүндө жашагысы келет?

— Биз максаттуу аудитория ичинде сурамжылоо өткөргөнбүз. Көпчүлүгү калаанын түштүк жагын тандайт. Бирок көңүлү гана ошол тараптарды самайт. Акыл менен борбор ыңгайлуу экенин түшүнөт. Ал жакта мектеп, бала бакча мыктыраак, анан да жумушу борбордо жайгашкан.

Бирок пандемиядан улам шаардыктардын көбүнүн көз карашы өзгөрдү. Үйдүн айланасындагы таза аба, кең мейкиндик, сейилдөөнүн канчалык маанилүү экенин аңдашты.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бектур Садыров: азыр 80-100 чарчы метрлик үч бөлмөлүү турак жайларга талап жаралды

— Көлөмү жагынан кандай батирлер жакшы өтүүдө? Маалыматыңыз барбы?

— Бишкектиктер оптималдуу пландалган батирлерге умтулушат. Холл же ашыкчы бурчтарга кеткен 10 чарчы метр үчүн төлөгүлөрү келбейт. Азыр кичирейтилген пландоого талап байкалууда. Бирок бул советтик стандарттарга кайра кайттык дегендик эмес.

Маселен, алты чарчы метрлик ашканасы бар 60 чарчы метрлик үч бөлмөлүү батирди эми эч ким каалабайт. Ал убакты басып өттүк. Азыр 80-100 чарчы метрлик үч бөлмөлүү турак жайларга талап жаралды.

— Каатчылыктан улам элдин капчыгы жукара түштү. Курулуш компаниялары бааны ылдыйлатарын боолголоого болобу?

— Узакка созула турган каатчылык ыктымалдыгын да карадык, бирок 2010 жана 2015-жылдардагы тажрыйба да бар. Кандай кыйынчылык болбосун, адамдар баары бир кыймылсыз мүлктү сатып аларын аңдадык.

Эч нерсеге карабай ишин уланткан компаниялардын катарында болгубуз келет. Маселен, биз үчүн ким президент же мэр экени мааниге ээ эмес, биз саясаттан оолак ишканабыз. Биздин негизги милдет — үйлөрдүн курулушун белгиленген мезгил ичинде бүткөрүү.

552
Белгилер:
адистик, ипотекалык насыя, батир, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

43
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

43
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек
Ооруканада жаткан киши. Архив

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

0
(жаңыланган 16:38 27.09.2020)
Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу республиканын акыйкатчысына шилтеме берип Sputnik Армения агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Тоолуу Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

“Эки киши каза таап, 50 киши жабыркады. Алардын арасында балдар жана аялдар бар. Инфраструктура талкаланды”, — деп айтылат кабарда.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

Эске салсак, өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Эки өлкөнүн аскерлеринин Карабахтагы атышуусуна тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

0
Белгилер:
өлүм, атышуу, Чыр-чатак, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады