Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Жазылуу
Кырсык Биринчи май районунун аймагында болгон. Алдын ала маалымат боюнча андан эч ким жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Буга чейин кырсык болгон жерге саат 23.21де бир өрт өчүрүүчү бөлүм чыгып кеткени айтылган болчу.

"Өрт турак үйдүн электр калканынан чыккан. Толугу менен саат 00.10до өчүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча андан эч ким жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0