27 медик COVID жуктурду. Көпчүлүгү Бишкекте жана Чүй облусунда иштейт

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүИнфекциялык оорукананын кызматкери. Архив
Инфекциялык оорукананын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 739 учур катталды, алардын ичинен 420 медкызматкер сакайып кетти.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 27 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

"Алардын жетөө Бишкек шаарында, жетөө Чүй облусунда, алтоо Ош шаарында, үчөө Ош облусунда, үчөө Ысык-Көл облусунда жана бири Баткен облусунда иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде алты медик айыгып чыкты.

Коронавирустан Бишкекте 56 жаштагы аял каза тапты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 739 медицина кызматкерлери катталды, алардын ичинен 420 медкызматкер сакайып кетти. Тилекке каршы, эки дарыгер каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0