ЖКнын маалымат кызматынын COVID жуккан жетекчиси Нуракун уулу ооруканадан чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин маалымат кызматынын жетекчисине COVID жукканы аныкталып, 18-июнь күнү ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Коронавируска кабылган Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ооруканадан чыкты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Нуракун уулу учурда жыт сезип, жөтөлү басылып, абалы жакшы болуп калганын айтат.

"Кечээ уколдордун баарын алдым, иче турган дарылар эле калды. Өзүмдү жакшы сезип калгандыктан дарыгерлер менен кеңешип, бекер эле орун ээлеп жата бербейин деп үйдөн дарыланууга макулдук алдым. Кечээ үйгө чыгып келип, өзүнчө бир бөлмөдө обочолонуп отурам. Ооруканадан чыгаарда тест тапшырганбыз, эки күндө жыйынтыгы келет. Таза чыгат деген үмүттөмүн", — деди Нуракун уулу.

COVID жугат деп күткөм. ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун уулунун маеги

Белгилей кетсек, ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисине COVID-19 жукканы аныкталып, 18-июнь күнү Токмок шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0