Коронавирус чыккан 235 учурдун 98 пайызы байланышта болгондордон жуккан

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүШаардык көчөдө кишилер. Архив
Шаардык көчөдө кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада Кыргызстанда COVID 235 кишиден чыкты. Ал эми ооруга чалдыккандардын саны 4748 адамга жетти.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавируска чалдыккандардын 98 пайызына инфекция ооруп жаткандар менен байланышта болгондо жуккан. Бул маалыматты Республикалык штабдан таратышты.

Эске салсак, бүгүн COVID 235 кишиден чыкса, жүздөн ашууну Бишкектен экени белгилүү болду.

"230 киши буга чейин COVID-19га чалдыгып ооруп калгандар менен байланышта болуп, жуктуруп алган. Ал эми беш учур сырттан келгендерден аныкталды", — дешти штабдан.

Айыккандар жуктургандарга караганда 8 эсе аз. COVID инфекциясынан 30 адам сакайды

Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 748 кишиге жетти. 2 242 жаран айыгып кетсе, 47си көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0