Дарыгер денедеги кал менен меңдин коркунучтуу экенин кантип аныктаса болорун айтты

© AFP / FRED TANNEAUДерматолог бейтаптын калдарын текшерип жатат. Архив
Дерматолог бейтаптын калдарын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер меланома менен ак жуумал, көзү көк, чачы сары адамдар көбүрөөк жабыркай турганын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Денедеги мең менен калдын ден соолукка коркунучтуу же зыяны тийбей турганын "A, B, C, D, E" системасынын жардамы менен аныктаса болот. Бул тууралуу Москванын №71 ооруканасынын башкы дарыгери жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалындагы эфир учурунда билдирди.

Адистин айтымында, "А" тамгасы ассиметрияны түшүндүрөт.

"Эгер кал же меңди ортосунан бөлүп караганда эки тарабы бири-бирине окшошпосо, сактануу аракетин көрүп, кооптонууга негиз бар", — деген Мясников.

Меңге көңүл бургула! Онколог тери рагынын белгилерин санап берди

"B" border (чек ара) дегенди түшүндүрөт. Мында алардын чекелери так-таасын байкалып турат, ал эми зыяндууларынын чекелери түссүз болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле анын өңүнө ("С" тамгасы) маани берүү шарт. Коркунуч жарата тургандарынын түсү бирдей болбойт.

"D" диаметрди туюндурат. Коопсуз кал же меңдин көлөмү алты миллиметрден ашпайт.

Тестостерон менен рак илдетинин кандай байланышы бар? Жаңы иликтөө

Эгер чоңойбосо, чекелери жана түсү өзгөрбөсө ("Е" тамгасы жаралуу эволюциясы) ден соолукка кооптуулук туудурбайт.

"Меланомага чейин өсүп кеткен меңди биопсиянын жардамы менен гана алуу керек. Мындай учурда дарыгерлерге кайрылгыла", — деп белгилеген Мясников.

Ошондой эле ал меланома менен ак жуумал, көзү көк, чачы сары адамдар көбүрөөк жабыркай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0