Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров. Архив

Алайга 22 сантиметр кар түшүп, ӨКМ шашылыш жыйын өткөрдү. Видео

389
(жаңыланган 19:08 28.06.2020)
28-июнга караган түнү Алай районунун Сары-Таш айылында жааган жамгыр карга айланган. Ал 28-июнь күнү түшкө чейин уланып, кардын бийиктиги 22 сантиметрге жетти.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Алай районунун айылдарына бийиктиги 22 сантиметрге жакын кар жаагандыктан, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров шашылыш жыйын өткөрүп, тиешелүү жетекчилерге көрсөтмө берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин аталган райондун Ак-Босого жана Сары-Таш айылдарына кар түшкөнү айтылып, жергиликтүү тургундар тарткан видео Facebook тармагына жүктөлгөн.

Ал ортодо интернетте жеринде тартылган башка видеолор жарыяланды.

"Талаалар аппак, мал азыр короодо. Кар дагы эле токтой элек", — деп комментарий берген жергиликтүү тургун.

28-июнга караган түнү Алай районунун Сары-Таш айылында жааган жамгыр карга айланган. Ал 28-июнь күнү түшкө чейин уланып, 22 сантиметрге жеткен. Мындан улам министр Аскаров тийиштүү жетекчилер менен жыйын өткөрүп, жеринде эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалыматты укту.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

Ошондой эле ал адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн ӨКМдин башкармалыктарынын башчыларына жергиликтүү бийлик органдары менен тез арада алдын ала чараларды көрүү тапшырмасын берди.

"Эртең, бүрсүгүнү аба ырайы кандай болорун билип, ошого карата жергиликтүү элге жардам көрсөтүлсүн. Мал бөөдө өлбөсүн, мага маал-маалы менен маалымат берип тургула", — деди министр.

Эске салсак, буга чейин эле 27-28-июнь күндөрү тоолуу аймактарда жамгыр жаап, карга айланары айтылган эле.

389
Белгилер:
жыйын, ӨКМ, Замирбек Аскаров, кар, Алай району, Ош облусу
Тема боюнча
Үйдөн чыкпай тургула! Эртеңден тарта Бишкекти дезинфекциялоо башталат
Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля

Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

17
(жаңыланган 18:58 15.08.2020)
Ысык-Көл облусунун 58 жаштагы тургуну Аскар Сулайманов быйыл 10 гектарга жакын жерге карагат тигип, көпчүлүккө үлгү болууда. Анткени облус аймагында аталган мөмө багын чоң аянтка тиккендер жокко эсе.

Чет өлкөлөрдөн билип, алардын тажрыйбасын айылда колдонгон дыйкан, ишин сүйгөн элеттик менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Тогуз гектар жерге карагат тигүү үчүн канча каражат жумшадыңыз?

— Карагат өстүрүү үчүн балдарымдын беш жылкысын, үч уюн саттым. Акчанын басымдуу бөлүгү көчөт алганга жана тегерегин тор менен тосуп чыгууга кетти. Анан өзүбүз колдонгонго жаңы экскаватор алып койдук. Ортосундагы жыгач казыктарды айылдаштардан ар бирин 20 сомдон сатып алдык. Алар кубануу менен эле даярдап беришти. Кудайга шүгүр, бир нече жылдан кийин карагаттарыбыз да, айланасындагы дарактар да жашылданып калат. Жерди болсо айылдаштардан узак мөөнөткө ижарага алдым. Өзүм суу курулушу боюнча инженермин, бул аянтты толугу менен тамчылатып сугарууга өткөрөбүз. Башына суу соргуч коюп, сууну үнөмдөп сугарабыз. Ошол эле маалда түтүктөр аркылуу жер семирткичтерди да кетиребиз. Азыр керектүү жабдыктарды алып даярдап койдук. Жерди башында алганда таш аябай көп болчу, тогуз гектардын баарын тазалап чыктык.

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

— Карагат өстүрүүгө ыктап кетүүңүзгө эмне себеп болду?

— 2000-жылдары эл капысынан айыл өкмөт башчысы кылып шайлап, ал кызматты алты ай аркалагам. Кийин Швейцариянын, Япониянын уюмдары менен иштеп, дыйкан, малчылар менен биргеликте бир катар долбоорлорду ишке ашыргам. 2006-жылы Япониядан айыл чарба продукцияларынын маркетинги боюнча билим алып, окуумда жер-жемиштерге басым жасалган. Карагат Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз менен Ысык-Көл райондорунун айрым жерлеринде сонун өсөт. Ошондуктан аталган райондогу дыйкандар бул өсүмдүккө ыкташы керек. Япондор кантип башкалардан арзан жана сапаттуу продукцияны чыгарам деп катуу ойлонушат. Алар менен сүйлөшүп калсам, буудай өстүрүү боюнча Казакстан менен жарышсаңар алардын тебелендисине каласыңар, картошка боюнча Беларусь менен Россиядан ашып өтө албайсыңар деп айткан эле. Ошондуктан Ысык-Көл облусундагылар сапаттуу үрөн чыгаруу, мөмөлүү бак, жер-жемиш өстүрүү менен алектенгиле деп кеп-кеңешин беришкен. Менимче, ошолор түрткү болду. 

Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Успешный садовод Аскар Сулайманов

— Келечекте түшүмдү сатуу жагы кандай болуп калат?

— Түшүм жыйнаган маалда сатып алуучу издеп убара болбойсуң, карагат ушундай өсүмдүк. Япондор өздөрү экологиялык таза карагат өстүрө алсаңар, биз бардыгын сатып алууга даярбыз деп айткан. Европа жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүндө карагатка азыраак шекер кошуп джем, балдардын тамагын жасашат. Ага дүйнө жүзүндө суроо-талап күч. Кыргызстандын бардык аймагына карагат тигип салса дагы жалгыз Кореяны толук камсыздай албайбыз. Азыр элдин баары С витамини адамга зарыл экендигин түшүндү. Андыктан чийки зат сатуу жагынан көйгөй болбойт. Түп районундагы Чоң-Таш айылынын жайгашкан жери дагы Алматы шаарынан 300 чакырым эле алыстыкта. Казакстанга өзүбүздүн карагатты ортомчусуз алып бара алабыз.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

— Эсебиңиз боюнча үч жылдан соң канча түшүм алып каласыз?

— Төрт жылдан кийин ар бир гектар жерден 10 тоннадан 20 тоннага чейин түшүм алышыбыз керек. Кудай буюрса тогуз гектардан жыл сайын 180 тоннанын айланасында алып калабыз. 

Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Успешный садовод Аскар Сулайманов

— Көчөт өстүрүп, аны өлкөнүн бардык аймактарына да сатат экенсиз. Муну дыйкандар эриш-аркак алып кетиши керекпи?

— Негизи бир иштин эле майын чыгара жасаш керек. Бирок кошумча каражат табуу максатында көчөт өстүрүү зарыл болууда. Биз Польшадан алып көчөттөрдү Ысык-Көлдө көбөйтүп жатабыз. Аны Нарын, Ош, Жалал-Абад облусундагы дыйкандар алдын ала акчасын төлөп сатып алууда.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

— Сизде билим, тажрыйба дагы бар экен. Чийки түшүмдү эле сата бербей, аны кайра иштетип жакшы киреше көрүү планыңызда барбы?

— Быйыл карагаттын бир килограммы 200 сомго чыгып, көпчүлүгү карагат өстүргүсү келип калды. Бирок бул учур жыл сайын бир айга чейин эле созулат, чийки затты алуучулар да аз. Биз ал учурду узартышыбыз керек. Мисалы, жарым фабрикат кылып чыгарууну жолго салып алсак, өзүбүз каалагандай 1,5 жылга чейин сактап сатып, кошумча баада кардарларга сунуштай алабыз. Азыр айыл өкмөт менен сүйлөшүп, эски кырманды сурап жатабыз. Буюрса быйыл алып, карагатты кайра иштетүүчү база курабыз. Анткени үч жылдан кийин биз ал жайга муктаж болобуз. 

Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля
© Фото / Мирбек Сакенов
Успешный садовод Аскар Сулайманов

— Айыл чарбанын казанында көп жылдан бери кайнап келе жаткан экенсиз. Биздеги адистердин жетишсиздиги боюнча эмне дейсиз?

— Кээде тегерек стол, түрдүү талкууларга чакырып калышат. Ошондо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында, мамлекеттик түзүмдө иштеген айыл чарба боюнча кесипкөй эмес адистер өтө эле көп экенин байкайм. Айрымдары бул тармактагы жаңычылдыктар жөнүндө такыр маалыматы жок болсо, дагы бири такыр түшүнбөйт. Бул деген асманда учуп бараткан учакты адистигин жөндөй албагандар башкарып жатат дегендей эле кеп. Бизде азыр кадр жетишсиздиги эң чоң маселе.

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

— Көпчүлүк кыргызстандыктар элет жеринде мал чарбасы же дыйканчылык менен алектенет. Адискөй дыйкан катары сизди түйшөлткөн маселелерди айта кетиңизчи...

— Биз башкалардын ишин, ыкмасын көрүп үйрөнүшүбүз керек. Буга чейин Германия, Франция, Польша, Японияга барып алардын айыл чарбасын көрүп келгем. Ар бир адамдын өзүнүн кесиби болот, дыйкан жер иштетиши керек. Колунан келбегендер айыл чарбага жолобогону эле жакшы. Айылда эле көрүп жүрөбүз, бирөөнүн жылкысы сыланган, экинчисиники ырбыйган. Кыргызстанда 90-жылдары жер бөлүштүрүлгөндө бардыгына үлүш тийди. Жер иштете алганы дагы, албаганы дагы жерлүү болгон. Айыл өкмөт болуп иштеп жүргөндө айылга тиешелүү жерлерди анализ кылдым. Элдин жалпы айдоо жери 700 гектар болсо, анын 34 гектары бири-биринин ортосундагы чек экен. Душман кол салып тартып албай эле жөн эле жатат. Мисалы, кичинекей эле жерде алты чек бар. Ар биринин узундугу 600 метр, туурасы бир метр болот, алты сотых жер калып жатат. Аны алтыга көбөйтсөң 36 сотых, ал аянт бир үй-бүлөнүн жараган эле бир айдоо жери болуп атпайбы. Жыйынтыгында үч жолу зыян тартып жатабыз. Биринчиден, эрозия, экинчиден, отоо чөптөрдүн уругу арыктар менен тарап жатат, үчүнчүдөн, бош турган жер колдонулбайт. Мен келечекте ошонун баарын эске алган, дыйкандарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кооператив түзүү планымда бар. Буюрса, анын ишмердүүлүгүн бүт Кыргызстанга үлгү кылабыз.

17
Белгилер:
маек, багбан, Кыргызстан
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги
85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек
Испаниялык Барселонанын чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси. Архивдик сүрөт

ЖМК: "Бавариядан" ири эсепте утулган Месси "Барселонадан" кетерин жар салды

136
(жаңыланган 18:06 15.08.2020)
33 жаштагы Лионель Месси клубдун жетекчилигине жана башкаруу системасына канааттанбай келгени айтылат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Испаниялык "Барселонанын" чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси каталондук клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мюнхендик "Бавария" кечээ "Барселона" клубун 8:2 эсебинде утуп, Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыккан. Немецтик клубдан мындай эсеп менен жеңилүү Мессинин карьерасында эң ири утулуш болду.

Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?

Маалыматта 33 жаштагы футболчу клубдун жетекчилигине жана башкаруу системасына канааттанбай келгени айтылат. Мындан сырткары, Месси "Барселона" менен түзүлгөн келишими 2021-жылы аяктаганда кете ала турганы белгиленет. Футболчуну командада алып калууга клубдун жетекчилигиндеги кескин өзгөрүүлөр себеп болору айтылып келет.

Аргентиналык футболчу "Барселона" командасында ойнойт. Клуб менен ал 10 ирет чемпиондук наамды, алты жолу Испания кубогун, төрт жолу Чемпиондор лигасы мелдешин уткан. Чабуулчу каталондук клубдун катарында расмий беттештерде 634 гол киргизген.

136
Белгилер:
келишим, Барселона, футбол, Лионель Месси
Тема боюнча
КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт
"Барселонанын" дарбазасына кирген 8 топ! 74 жылдан берки ири жеңилүү
Көчөдөн бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Ош шаарында бир жылдан бери дайынсыз болгон кыз изделүүдө. Сүрөт

0
(жаңыланган 19:13 15.08.2020)
Жаш кыз былтыр жайында Кара-Суу районунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Милиция аны табышууга коомчулуктан жардам сурады.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында былтыр жоголгон 18 жаштагы Муножат Салиева изделип жатат. Бул тууралуу калаа милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыз 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунда жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Милиция аны табуу үчүн кайрадан коомчулукка кайрылып жатканын айтты.

"Изделип жаткан Муножат Салиева 2002-жылы туулган. Бою 165-170 сантиметр, жоголгон күнү үстүндө кара-ак (сызык) түстөгү жемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Айрымдар кыз дайынсыз болгон күнү аны Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн көрүшкөндүгүн айтышкан", — деп жазылган маалыматта.

Милиция Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңдини Баткенден тапты. Кыздардын жообу

Ош шаардык милициясы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды 03222-2-75-15, 0702-17-09-17 жана 0551-05-42-75 телефондору аркылуу кабарлап коюну өтүнөт.

0
Белгилер:
кыз, издөө, милиция, Ош
Тема боюнча
Мөңгүгө кирип кеткен. Жалал-Абаддагы жайлоодо 14 жаштагы баланын сөөгү табылды