Бишкектик жаш ишкер Эмил Карыпов

Жерибизди кордоп жатасыңар деп айыпташкан. "Аска бизнесинин" ээси менен маек

246
(жаңыланган 22:50 28.06.2020)
Эмил Карыпов — бишкектик жаш ишкер. Бизнес ачыш үчүн мектепти таштаган. Ушул тапта Кыргызстанда экстремалдык оюн-зоокторду өнүктүрүү менен алектенет.

Жаш ишкер Бишкектен өтө алыс эмес жерде роуп-жампинг аянтчасын курган. Бул – бийик объектилерден, мисалы, аска кырынан же көп кабаттуу үйлөрдөн альпинисттик аркан менен секирүү.

— Өзүңүз тууралуу билсек...

— Карапайым үй-бүлөдөнмүн, атасыз өстүм. Апам ден соолугунан улам иштечү эмес. Бизди байкем бакчу. Жүктүн баарын ага артып коюп отургум келген жок, ошондуктан "Дордойдо" 14 жашымдан тарта иштей баштагам. Адегенде тачка түрттүм, кийин дүң соодагерликке чейин көтөрүлдүм. Жүз миңдеген сомду барсеткама салып көтөрүп алып, товар бөлүштүрчүмүн.

Курбалдаштарым сымал кымбат мектептин окуучусу эмес, базарда иштеген карапайым, кебетем кеткен бала элем. Кээде классташтарымды базардан кезиктирип калганда уялчумун. Алар базарга кийим сатып алганы келишет. Ал эми мен мектепке көңүлүм ток барыш үчүн жаңы окуу жылына акча топтоп, жалданып иштейм.

Айына 150 миң сом тапкан 18 жаштагы балага таасирленгем. Ишкер Жаманбаевдин маеги

14 жашымда эле бирөөнүн алдында иштегим келбегенин түшүндүм. Топтогон акчамды чакан бизнес долбоорлорго салам, иш оңунан чыкпайт. Андай учурларда базарга кайтып, кыялымды орундатууга кайра акча топтоп кирем. Көп өтпөй менде шишик бар экенин билдим. Башым көп ооруй турган, бирок врачка барышка чыгынбай жүргөм. Текшерилгенимде мээмде залалсыз шишик бар экени аныкталды.

Шишикти алып салыш керек эле, себеби ал мээнин маанилүү бөлүктөрүн кысып турган. Ал шишик дагы канчалык өсүп кетерин болжоп болбогондуктан да операция кылуудан кача албайт экенмин. Бирок анын жыйынтыгы жакшы болоруна да кепилдик жок. Операциядан кийин адамдын шал болуп калышы да ыктымал экендигин айтышты.

Операцияны жылдыра турууну чечтим. Дарыгерлердин диагнозу мага өкүм катары таасир этпестен, чечкиндүү кадам жасоого түрткү болду. Убакытты текке сарптагым келбеди. Ден соолукка жана өнүгүүгө көңүл бөлүү канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Окууну аяктарга жарым жыл калганда мектепти таштап, өзүм кызыккан иш менен алектенүүнү чечтим.

Молодой бизнесмен, основатель одной из экстремальных площадок в КР Эмиль Карипов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаш ишкер Эмил Карыпов Бишкектен өтө алыс эмес жерде роуп-жампинг аянтчасын курган. Бул – бийик объектилерден, мисалы, аска кырынан же көп кабаттуу үйлөрдөн альпинисттик аркан менен секирүү

— Жакындарыңыз эмне дешти?

— Акча жагынан эч кимден көз каранды болгон эмесмин, эмне көксөгөнүмдү так билчүмүн. Мектепте жумуштагыдай көлөмдө билим ала албадым. Окууга келсем, курдаштарымдын тек кызыкканы – социалдык медиада кимдин постун канча киши жактырганы болчу. Окуу деле жыргатчу эмес, берген билимдин сапаты жарытарлык деңгээлде эмес эле.

Билим берүү системасына сөз тийгизгим келбейт, тек гана ошол убакта мугалимдердин койгон баасына байланбай, өнүгүүнү эңсегем.

— Ошентип экстремалдык оюн-зоок чөйрөсүнө аралашып калдыңызбы?

— Ар кандай тармакта күчүмдү сынап көрдүм. Жашылча дүкөнүн ачтым, кычкылтектүү коктейль сатып көрдүм. Кийинчерээк кызыкчылыгыбыз бир адамдарды кезиктирип калдым. Роуп-жампинг – аркан менен бийиктиктен секирүү аянтчасын ачууга кириштик.

Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек

Кыргызстанда бул долбоорду баштаарда бардык ишти мыйзам чегинде алып барабыз деп чечкенбиз. Меймандардын баарына жеткиликтүү болсун деп стационардык түйүндөрдү да кургубуз келген. Компанияны каттатып, жакшы команда топтоо үчүн көп күч жумшап, нерв коротууга туура келди.

— Менимче, абдан кооптуу оюн-зооктун түрү...

— Бизге кайрылгандардын көбү "аркан үзүлүп кетпейби?" деп сурашат. Бир аркандын диаметри — бир нече сантиметр, 3 тоннага чейин көтөрө алат. Адамга тагылчу жабдыкка коопсуздугун камсыздоо үчүн үч аркан бекитилет.

Аркандардын ишенимдүү экенине карабастан, кошумча коопсуздук чаралары да сөзсүз түрдө сакталат. Секирүү алдында дайым биз системаны тыкыр текшеребиз. Баштаардан мурун күн сайын 100 килограммдык капты ыргытып көрөбүз. Анын түшкөн траекториясын баалайбыз, башкы инструктор баары жайында экенине ынанмайынча секирүү башталбайт. Андан кийин техниктерибиз секирип көрөт, алардын сынынан өткөндөн кийин гана кардарларга жол берилет. Бул жоболордун баары сактала турган болсо, бул кооптуу аттракцион эмес, жакшы оюн-зоок. Албетте, адамдардын чочулоосун түшүнөм. Өзүм деле бир убакта кулап кетпейминби деп сестенгем. Спортчулардын тобу дүйнө жүзүн кыдырып, эс алуунун ушул түрүн уюштуруп келишет. Алар Бишкекке да келишкен. Ошондо биринчи ирет өзүм аскадан түпсүз жарга учуп көргөм. Негизи ошол учурдан бери экстремалдык аттракциондорго кызыга баштагам.

Молодой бизнесмен, основатель одной из экстремальных площадок в КР Эмиль Карипов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектик жаш ишкер Эмил Карыпов: 14 жашымдан тарта иштей баштагам. Адегенде тачка түрттүм, кийин дүң соодагерликке чейин көтөрүлдүм

— Адамдар акысын төлөгөнүн төлөп коюп, секирүүдөн баш тарткан учурлары болобу?

— Айрымдар өздөрү эч качан даай албастыгын айтып, техниктерибизден аркасынан түртүп коюуну өтүнүшөт. Көпчүлүгү секирүүгө саналуу мүнөттөр калганда жашоосун өзгөртүү чечимин кабыл алышат. Кай бири ар таңда чуркоого, кээси тамекини таштоого өздөрүнө убада беришет. Алар тобокелге салып, түпсүз жарга кадам таштап көрүштү. Аларга эми бөлөк эмне бөгөт боло алмак?..

Айылда акча табуунун жолу. Бөдөнө бизнесинин оош-кыйышы тууралуу маек

Албетте, эң акырында секирүүдөн баш тарткандар да болбой койбойт. Тобокелге баргысы келбей, бул оюнан баш тартат. Ишти жаңыдан баштаган жылы адамдар шектенүү менен карашчу. Биздин аянтка үч жүздөн ашуун киши келгенден кийин кардарлар бул коопсуз экенине ишенип калышты. Азыр эми бийиктиктен секирип, адреналин алуу үчүн кезек күтүшөт. Мага бул ишмердик эмнеси менен жагат? Кардарларыбыз секиргенден кийин алдаканча ачык-айрым, эркин боло түшөт.

— Ошентсе да, дүйнөдө адамдар кулап кеткен учурлар болгон бекен?..

— Жогоруда айтып өткөнүмдөй, спортчулар ар башка шаарларда роуп-жампинг үчүн убактылуу аянтчаларды ачышат. Алар ошентип отуруп эс алуунун бул түрүнүн баркын кетиришкен. Алар жаңы бир шаарга же өлкөгө келишет, бир нече күн активдүү иштешет. Алардын көздөгөнү — болушунча кыска убакытта көбүрөөк акча табуу. Албетте, гастролчулар эч кандай жоопкерчилик алышпайт, себеби эки күндөн кийин алар башка калаада болушат. Андай учурда кардарларга "аттракциондорду" кылдат изилдеп көрүүгө кеңеш берер элем.

Молодой бизнесмен, основатель одной из экстремальных площадок в КР Эмиль Карипов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектик жаш ишкер Эмил Карыпов: кардарларыбыз секиргенден кийин алдаканча ачык-айрым, эркин боло түшөт

— Бийиктиктен секирүү абдан кирешелүү бизнестей туюлат. Бул долбоор кандай пайда алып келет?

— Биз бул объектини өнүктүрүүгө улам каражат салабыз, иш улам оңунан чыкпайт. Эң башында 10 миң доллар салган элек. Азыраак деле инвестиция салууга болмок, бирок анын суммасы аттракционду канчалык ыңгайлуу жана коопсуз кылууга ниеттенгениңизге жараша чыгат.

Бизде спорттун экстремалдык түрлөрү көп, бирок бир көйгөй бар. Булар абдан кымбат турат, өнүктүрүү да өтө татаал. Рынокто жаңы бир түрүнүн пайда болушу бул багыттагы долбоор ээлерин бир топ кыйноого салат. Мында негизги көйгөй – кардарларды тартуу эмес, аягы тыйылбаган текшерүүлөргө бизнестин туруштук бериши.

Бизде рафтинг, параплан жана спорттун башка экстремалдык түрлөрү менен алектенүүгө болот. Кеп долбоор өзүн-өзү актап-актабаганында эмес, бизнести ачып жатканыңызда түк оюңузга келбеген бөлөк тобокелдиктерге да кабылышыңыз ыктымал.

— Мисалы, кандай тобокелдик?

— Биз мындай секирүүнү гана уюштурбайбыз. Маселен, Ош шаарынан анча ыраак жерде аттракцион-көпүрө орнотконбуз. Адамдар 100 метр бийиктикте тактачалардан жасалган көпүрөдөн өтүшөт. Артка кетенчиктегендер коркпой деле койсо болот, себеби кардарларга бекем трос бекитилет. Ага карабастан, кишини чындап эле чочутат, анткени ылдый караса – түпсүз жар.

КамАЗ айдап, мотор басып, Кара-Кечеден көмүр ташыган Жайна. Ишкер менен маек

Данги капчыгайында да бир сонун объектини курганбыз. Көз жоосун алчу кооздугу бар эле! Аянтчаны даярдап, ташты түшүрүп, эс алуучуларга аскадан таш кулабагыдай кылып, торду керген элек. Бир нече күндөн кийин баарын жыйыштырып, капчыгайдан кетүүгө аргасыз болдук. Коңшу кыштактын тургундарына биздин ой жакпай калды. 70 чакты киши чогулуп, биздин демилгеге каршы бейрасмий митинг өткөрүштү. Иштөөбүзгө жол бербей тургандарын ачык айтып, бизди ата-бабадан калган жерди кордоп жатасыңар деп айыпташты. Тезинен кетүүбүздү талап кылышты.

Даңги капчыгайындагы аттракционубузда иш ийгиликтүү жүрмөк. Ошто эс алууну каалаган туристтер арбын. Аталган капчыгай жергиликтүү тургундар да дурус акча таба алгыдай негизги туристтик түйүндөрдүн бирине айланмак. Күтүүсүз жагдайлар болбой койбойт, андай кырдаалдан сенин кандай сабак алып чыкканың маанилүү. Бирок бул ишке ашпай калган жалгыз долбоорубуз эмес. Ысык-Көлдө да роуп-жампинг аянтчабызды жабууга туура келген. Ыңгайсыз жер тандап алган экенбиз. Ары-бери өткөн көп деп ойлогон элек. Жабдууларды орноттук. Башта эң кирешелүү болчудай сезилгени менен секирүү үчүн белгиленген акыны төлөөгө эл жөндөмсүз болуп чыкты. Жер тандоодо адашыппыз.

Молодой бизнесмен, основатель одной из экстремальных площадок в КР Эмиль Карипов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектик жаш ишкер Эмил Карыпов: бизде спорттун экстремалдык түрлөрү көп, бирок бир көйгөй бар. Булар абдан кымбат турат, өнүктүрүү да өтө татаал

— Дагы кандай долбоорлордо тилегиңизди таш каап, ишке ашпай калды?

— Өзүмө, өнөктөштөрүмө экстремалдык оюн-зоок рыногун өнүктүрүү кызык эле. Түркияда да бийиктиктен секирүү аттракцион ачалы деп белсенгенбиз. Эки кызматкерибизди жөнөттүк. Алар документтерди каттатып, салык кызматы менен маселени чечип келишмек. Түркия жыл сайын миллиондогон туристтерди кабыл алат. Андыктан экстремалдык аттракцион куруу кирешелүү инвестиция болмок. Иш баштоого уруксат алуу үчүн биздин кызматкерлер дээрлик бир жыл бою убара тартышты. Акыры пара берүү керектигин кыйытышты. Натыйжада, бизден акча алган аткаминер бир дагы документти каттаткан жок. Бизди жөн гана "сатып кетишти".

— Бул бизнестин дагы кандай түрүн ачууну пландап жүрөсүз?

— Дагы кеңейтебиз, жаңы объектилерди ачабыз. Азырынча башка нерсе айта албайм.

246
Белгилер:
адреналин, ишкердик, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны
Блок-посттогу ИИМ кызматкерлери. Архив

Баткенде бүгүн киргизилген катуу чектөөлөр кайрадан алынды

569
(жаңыланган 21:45 28.09.2020)
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Алардын көбү Баткен облусунан чыгууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткен облусунда курчуган эпидемиологиялык кырдаалдан улам бүгүн киргизилген бир нече чектөөлөр бир сутка өтпөй жоюлуп, республикалык штаб бир нече тармактын иштөөсүнө кайра уруксат берди. Бул тууралуу аталган штаб кабарлады.

28-сентябрда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер, республикалык штабдын тапшырмасы менен кайрадан каралып чыккан.

Эске салсак, бүгүн Баткенде облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттун каттамы убактылуу токтотулган. Мал базарлардын иштебей, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окулбай турганы айтылган эле.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

"Анда жер-жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияларга кайрылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын кабыл алынган чектөөлөр, алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этери айтылган. Коомдук транспорттун, мал базарларын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айтып кайрылган сунуштары эске алынды", — деп жазылган маалыматта.

Мындан улам облустук штаб маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берген.

"Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү бет кап режими жана той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды. Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деп билдиришти штабдан.

Вирус күчөп бараткан Баткендин экинчи толкунга даярдыгы кандай

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

569
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика
Баткенде санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды. Арасында 9 мамкызматкер бар
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

46
(жаңыланган 21:15 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

46
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен барды. Кимдер коштоп жүрөт

0
(жаңыланган 23:52 28.09.2020)
Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Венгрияга расмий визит менен барган президент Сооронбай Жээнбековду Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Жээнбеков Венгрияга барат. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасы кандай

“Жээнбеков жана Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат. Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат”, - деп айтылган маалыматта.

Кыргызстан делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков президент Янош Адер жана Улуттук жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугат.

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

0
Белгилер:
расмий сапар, Сооронбай Жээнбеков, Венгрия, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди