БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандын интернет айдыңында Бишкек шаарынын тургундары эки кабат болуп чыккан күн желеси менен бөлүштү.
Синоптиктер бүгүн жамгыр жаап, күн күркүрөй тургандыгын эскерткен. Чындыгында бүгүн күндүн көзү бүркөлүп туруп, кеч курун шаардыктардын маанайын көтөрүп кетти.
Алайга 22 сантиметр кар түшүп, ӨКМ шашылыш жыйын өткөрдү. Видео
Facebook колдонуучулары табигаттын көрүнүшүн сүрөткө, видеого тартып алган.
"Баары жакшы болот!" — деп жазды сүрөттөрү, видеолору менен көптөрдү суктандырып келген Михаил Дудин.
Нургүл Жамангулова аттуу интернет колдонуучу видеону коштогон постун койгон.
"Эки катар күн желеси", — деп гана кыска жазганы менен ошол ирмемдерди ынтызарлык менен чагылдырган.
"Жекшемби күнү терезеден көз салганда", — деп айтылат Егор Орловдун постунда.
Күн желесин Антон Тимкин да байкаган.
"Кичине болсо да көңүл көтөрөлүчү. Бүгүнкү Бишкектеги көрүнүш!" — деп жазды Азамат Темиркулов.
"Коронавируска каршы шаар үстүндөгү күндүн желеси", — деп бөлүшкөн Данияр Жаркынбаев.
Мындай ирмем Александр Кириченконун объективине да түшүп калган.
"Жакында баары жакшы болот. Күн желесинин артында ден соолук, бакыт, сүйүү жана тынчтык деген баа жеткис байлык жатат", — деп эсептейт Елена Воронина.
Ал эми дагы бир образдуу сүрөт Тубаркүл аттуу интернет колдонуучунун аккаунтунда жайгашкан.
"Эки катар Асан-Үсөн болуптур", — деп жазган ал.
Ошентип, бүгүнкү жамгырдын соңу шаардыктарга жарык маанай тартуулады.
Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.