Боронов: дүрбөлөңгө түшпөгүлө, ооруканаларда орун бар. Бош койкалардын саны айтылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүШаардык оорукананын палатасы. Архив
Шаардык оорукананын палатасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов элдин бардыгын ооруканага жаткыруу мүмкүн эместигин, дарыгерлер кармана турган атайын алгоритм жазылганын айтты.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү медициналык мекемелерде орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезексиз өткөн отурумунда айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Акыркы күндөрү COVID-19ду жугузгандар өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында көп болууда. Дароо эле айтайын, бүгүнкү күндө ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Адистердин божомолунун жана биздин өз учурунда көргөн аракетибиздин негизинде даярдык көрүлдү", - деген Боронов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 28-июнуна карата республика боюнча өлкөдөгү медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош дешти.

Бош орундар:

  • Бишкек шаары — 362;
  • Ош шаары менен Ош облусу — 282;
  • Жалал-Абад облусу — 270;
  • Талас облусу — 136;
  • Баткен облусу — 109;
  • Нарын облусу — 87;
  • Чүй облусу — 63;
  • Ысык-Көл облусу — 37.

(Бирок бул сандарда Саламаттыкты сактоо министрлиги (929) менен редакция санаган бош орундар боюнча айырма чыгып калды (1346))

Боронов учурда ооруканаларда орундар жетиштүү санда экенин, бирок акыркы учурда бейтаптын саны көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүндүгүн айткан.

Боронов: 118 кызматындагыларды көбөйтөбүз, Тез жардамга дагы 20 бригада келет

Жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынган. Мисалы: Воронцовкада 120, мурдагы Ганси авиабазасында 600 орун даяр, "Ак кеме" мейманканасында жана №1 шаардык ооруканада жана башка жерлерде даярдалган.

"Өпкө оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Алардын саны учурда 289 адам. Өпкө оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн жалпысынан 553 орун даярдалды. Бардык облустарда мамлекеттик органдар орундарды даярдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", — деген өкмөт башчы.

Өпкө оорусу менен жаткан бейтаптар үчүн орундар (COVID-19 инфекциясы жок)

  • Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо улуттук изилдөө институту — 273;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптарынын улуттук госпиталы — 35;
  • Фтизиатрия улуттук борбору — 32;
  • Темир жол ооруканасы — 2;
  • Улуттук хирургиялык борбор — бош орун жок.

Боронов: Тез жардам менен келгендерди албай койгонду, күттүргөндү токтоткула!

"Орундардын жетишсиздиги боюнча кооптонуу, баарынан биринчи айрым жарандардын дүрбөлөңгө түшкөнүнө байланыштуу. Бардыгын ооруканага жаткыруу мүмкүн эмес. Дарыгерлер кармана турган атайын алгоритм жазылган. Кимге үйдөн дарылануу керектиги айтылса, алар режимди катуу сакташы керек. Алар аймактык дарыгердин көзөмөлүндө болушат", — деген өкмөт башчы.

Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 748 кишиге жетти. 2 242 жаран айыгып кетсе, 47си көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0