5 000ден ашты! Бүгүн дагы 269 кишиден коронавирус чыкты

© AFP / PIERRE-PHILIPPE MARCOUКоронавируска анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери
Коронавируска анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт бейтаптарды кабыл алуу үчүн ооруканаларда орун жетиштүү экенин айтып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып жатат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 269 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 138;
  • Чүй облусу - 43;
  • Ош шаары - 23;
  • Ош облусу - 6;
  • Нарын облусу - 4;
  • Жалал-Абад облусу - 26;
  • Ысык-Көл облусу - 16;
  • Талас облусу - 9;
  • Баткен облусу - 4.

269 кишинин тогузу чет жактан келгендер болсо, 260ы — байтептар менен байланышта болгондор.

Ушуну менен өлкө аймагы боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 017ге жетти. Бүгүн дагы үч бейтап каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 50 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0