Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады

© Фото / Саламат ИмановЫрчы Асел Кадырбекова. Архив
Ырчы Асел Кадырбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу маалымат берди.

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Катуу сүзүптүр! Ырчы Асел Кадырбекова кабылган кырсыктын видеосу чыкты

"Журналисттер аябай көп чалып ишибизге жолтоо болуп жатат. Мен сиздерди түшүнүп турам, себеби эл дагы бул маалыматты күтүп жатат. Аселдин ден соолугу дагы деле оор. Кома абалында жатат, бирок өзү дем алып, кам басымы өзүнүкү, эч кандай дарынын жардамы менен эмес. Бүгүнкү күндө кичине болсо дагы жылыш бар, бирок абалы баары бир оор бойдон калууда", — деди Жумабеков.

Ошондой эле ал мындан ашык маалымат бере албай турганын айтып, калганын туугандарынан сурап алууну сунуштады. Аны менен катар ага телефон чалып убактысын ала бербөөнү өтүндү.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0