Жээнбековдун кайра тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты

Жазылуу
Буга чейин мамлекет башчысынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин мамлекет башчысынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.

"Бул күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Путин Жээнбеков менен телефондон сүйлөшүп, ыраазылык билдирди

Эскерте кетсек, Улуу Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барган КР делегациясынын айрым мүчөлөрүнөн коронавирус чыгып, Жээнбеков иш-чараларга катышкан эмес. Бишкекке кайтып келгенден кийин обочолонуп, аралыктан иштеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0