https://sputnik.kg/20200629/kyrgyzstan-rossiya-migraciya-zhumush-1048845090.html
Диаспора: айрым мигранттар кайра Россияга кайтууну каалап жатышат
Диаспора: айрым мигранттар кайра Россияга кайтууну каалап жатышат
Sputnik Кыргызстан
КРдин Мамлекеттик миграция кызматы пандемия учурунда Кыргызстанга 11 миң жаран кайтып келгендигин жана учурда аларды жумушка орноштуруу боюнча аракеттер жүрүп... 29.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-29T15:10+0600
2020-06-29T15:10+0600
2021-12-20T13:27+0600
https://sputnik.kg/img/104097/66/1040976666_0:0:2827:1591_1920x0_80_0_0_8be8e98cfb9954fdd228c3ab82c67f20.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104097/66/1040976666_42:0:2773:2048_1920x0_80_0_0_fe4a27e8821f84ab260c5df371d66b73.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, россия, дүйнөдө, миграция
жаңылыктар, коом, кыргызстан, россия, дүйнөдө, миграция
Диаспора: айрым мигранттар кайра Россияга кайтууну каалап жатышат
15:10 29.06.2020 (Жаңыртылды: 13:27 20.12.2021) КРдин Мамлекеттик миграция кызматы пандемия учурунда Кыргызстанга 11 миң жаран кайтып келгендигин жана учурда аларды жумушка орноштуруу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бир катар кыргызстандыктар кайра Россияга кетүүнү суранууда. Бул тууралуу Свердлов районундагы "Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун төрайымы Гүлшан Долонбаева кабарлады.
Ал "ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү: пандемиядан кийинки божомолдор" аталышындагы тегерек столдо сөз сүйлөгөн.
Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартмай болду
"Биринчилерден болуп Кыргызстанга кеткен мекендештер күнү-түнү кат жазышууда. Алар бул жакка кайтып келүүнү каалап жатышат. Муну алар жумушсуздук жана Россиядан тапканын коротуп бүткөндүгү менен түшүндүрүп, "кандай гана болсо дагы жардам бергиле" деп жатышат", — деди Долонбаева.
Ошондой эле ал Россиядагы мигранттарга кичи мекенине кетпөөнү сунуштайт. Анткени КРде жумушка орноштуруу маселеси курч туруп жаткандыгын, анын ордуна РФтеги мекендештерге иш таап берүүгө жардам берүү керектигин баса белгиледи.
РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар
Аталган иш-чарада КРдин Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү пандемия учурунда Кыргызстанга 11 миң жаран кайтып келгендигин, учурда аларды жумушка орноштуруу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын эске салган.