Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

Жазылуу
Сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлгөн. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алганга мүмкүнчүлүк жаралган.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Быйылкы "Алтын Тамга" сынагына 1 250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү (19 пайызы) артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү — сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алып жатышты", — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

"Алтын Тамга" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлгөнү айтылды.

Кыргызстанда канча бүтүрүүчү күбөлүк менен аттестат алганы айтылды

Ал эми салыштыруу иретинде айтсак, өткөн окуу жылында 182 бүтүрүүчү (17%) артыкчылык аттестатын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0