Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБаткен облусунун тоолору. Архив
Баткен облусунун тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. 30-июнда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй менен Жалал-Абад облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Алайдын айылдарына кадимкидей эле кар жаады. Видео

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25…+30, Таласта +23…+28, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +27…+32 жана Ысык-Көл менен Нарында +19…+24 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы ордо калаада +27…+29 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +30…+32 градуска чейин жетет. Ал эми Чолпон-Атада абанын температурасы +20…+22 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0