Кыргызстанда коронавирустан улам 900дөй медик окутулуп, даярдалат

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОрдинатор-дарыгерлер окуу учурунда. Архив
Ординатор-дарыгерлер окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даяр тургандарды же, башкача айтканда, мультидисциплинардык медициналык бригадаларды окутуу үчүн беш күндүк программа иштелип чыккан. Окуу эртеңден башталат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медицина кызматкерлеринин резерви түзүлүп, ага жети облустан 870 адам кирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тизмеге киргендерди аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаарынан 518;
  • Чүй облусунан 42;
  • Ысык-Көл облусунан 76;
  • Талас облусунан 70;
  • Нарын облусунан 67;
  • Жалал-Абад облусунан 8;
  • Баткен облусунан 48;
  • Ош шаары менен Ош облусунан 41 киши кошулган.

Жалпы сандын ичинен 207си медициналык билим берүү уюмдарынан болсо, 302си ординаторлор экени айтылды.

Өз алдынча дарыланбагыла! Мэрия үй-бүлөлүк медицина борборлорунун телефондорун берди

Резервдегилерди — мультидисциплинардык медициналык бригадаларды окутуу үчүн беш күндүк программа иштелип чыккан.

Окуу 30-июнда онлайн өтө турганы кошумчаланды. Аларга стационар жана ЖОЖдордун кафедраларынын базасында практикалык сабактар уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0