БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Автоунааны айдап качып кетем дегендер эмнелерге даярданарын эксперт Кирилл Милешкин РИА Новостиге айтып берди.
Анын билдиришинче, уурулар унааны тартып алуудан мурда аны "текшерүүгө" аракет кылышат.
"Каракчылык иштердин көбү телефон чалуулардан башталат. Алардын максаты сиздин унааңыз кандай жол менен корголгонун билүү болуп саналат. Телефон номерди ар кандай маалыматтык базалардан караштырышат. Эгер унааны сатуу үчүн жарнамага берген болсоңуз, ууруларга өтө оңой жол ачкан болосуз, себеби көп маалыматтар ачык болуп калат. Ошондой эле уурулар кээде калп эле жардам сурап кайрылат. Мындан сырткары, унаа кароосуз калганда олжого оңой түшөт", — деген Милешкин.
Ошондой эле кээде күтүлбөгөн сигнализациядан да унаа коркунучта экендигин билүүгө болорун кошумчалаган.
Чочуганынан чакчая карады. Унаага кирген ууру видеого тартылып калган
Эгер ээси автоунаа бекилбей калганын көрсө, бул дагы иш чатак экендигинен кабар берет. Ошондуктан кээде унаанын ичи-сыртын карап, өзгөрүүлөр болсо маани берип туруу керек.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.