Кыргызстанда бир сутка ичинде 76 адам коронавирустан айыгып чыкты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер жана бейтап. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер жана бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча COVID-19 жуктургандардын саны 5296га жетти. Анын ичинен 2370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 76 адам коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп, ооруканага жаткырылды

Аймактар боюнча алганда төмөндөгүдөй:

  • Бишкек шаары – 22;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош шаары – 19;
  • Ош облусу – 9;
  • Нарын облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Талас облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.

Бүгүн Кыргызстанда 279 кишиден коронавирус аныкталды

Ушуну менен өлкө боюнча жалпы 2 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы жуктургандардын саны 5 296га жетти. Тилекке каршы, 57 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0