Кувейттен 102 кыргызстандык алып келинди

© Фото / Пресс-служба МИД КРКувейттен кыргызстандыктар алып келинди
Кувейттен кыргызстандыктар алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган рейс менен Катар, Египет жана Малайзияда калган мекендештерибиз Кувейт аркылуу учуп келишти. Сырттан КР жарандарын мекенине кайтаруу иштери улантылып жатат.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Jazeera Airways авиакомпаниясынын "Эль-Кувейт — Бишкек" багыты боюнча уюштурган чартердик каттамы менен 30-июнда 102 кыргызстандык мекенине келди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Аталган рейс менен Катар, Египет жана Малайзияда калган мекендештерибиз Кувейт аркылуу учуп келишти.

Корея, Япония жана Филиппинде калган кыргызстандыктар алып келинди

Учурда алып келинген бардык жарандар мурда кабыл алынган тартип боюнча тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Чет өлкөлөрдө калган Кыргызстандын жарандарын жана мекенине келүүнү каалагандарды алып келүү иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0