"Апам уктап калды, эртең келгиле": мобилдик бригаданы тушаган бишкектик кыйындар

Жазылуу
Адистин айтымына караганда, колунда бийлиги барлардын "тез келе калгыла" деген талабынан улам мобилдик бригаданын медиктери жасап жаткан ишинен алагды болууга туура келет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча мобилдик бригаданын координатору Гүлмира Асанбекова болбогон себептер менен мобилдик бригаданы чакыруу чындыгында дарыгерге муктаж болуп, жаны көзүнө көрүнүп жаткандарды тейлөөгө тоскоол болорун айтып берди.

Кошунам COVID симптому менен медиктерге кайрылбай жүрөт. Эмне кылуу керек?

Дарыгер жазган постун Facebook тармагындагы аккаунтуна жайгаштырды.

Дарыгер бир нече мисалдарды келтирген:

  • Аты аталбаган, бирок жогорку кызматта турган аял таанышына мобилдик бригаданы келгенге мажбур кылган, көрсө ал айымдын мурду бүтүп калгандыктан, анализ тапшырып коюуну чечиптир:
  • Дагы башка бир батирге барган медиктер ал жердеги 23 кишини көрүп аз жерден чалкасынан кете жаздаптыр. Көрсө, алар бекер тест тапшырууга ниеттенген экен;
  • Мобилдик бригада депутаттын үч кабаттуу хан сарайына келип токтойт. 3-кабаттагы балкондон үн каткан депутат: "Апам уктап калды, эртең келгиле", — дейт;
  • Өзүнөн коронавирус тапкан дагы бирөө дарыгерлерди чакырып коюп, Бишкектен Токмокко "иштери менен" чыгып кетиптир.

COVID-19: Министрлик жаңы эки алгоритм бекитти. Чоо-жайы

"Бир нече күндөн бери тыңдап тамактанбай - кургак азыктар менен, ак ичпей, жемиш жебей жүргөн учур. Абал улам чыңалып бара жатат. Анткен менен бизде кандай сонун мыкты дарыгерлер иштейт, участкалык дарыгердин ишин жөндөйт, маалыматтык иштерди жасайт, күчтүү медайымдар бар, айдоочулар ишин мыкты билет, бусиктерин өз акчасына оңдойт. Ал эми коронавирус маселесин медиктерден кем калышпай түшүнөт", — деп жазган Асанбекова.

Ал Sputnik агенттиги менен телефондон сүйлөшүп, учурда мобилдик бригадалар оор абалдагы гана пациенттерди тейлеп жаткандыгын, калган милдет 118 кызматына жүктөлгөндүгүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0