БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.
Алардын айтымында, ырчы кант диабети менен ооруп келген.
"Бүгүн, 30-июнда, эртең менен канты көтөрүлүп ооруканага алып барышкан. Тилекке каршы, оорунун кесепетинен эки бөйрөгү иштебей калып, түштөн кийин саат 15.30дар чамасында үзүлүптүр", — дешти жакындары.
Тасмаевдин сөөгү эртең, 1-июлда, саат 11.00дө Бишкек шаарында жерге берилет.
"Тоолук кыз" ырын жазган композитор Кубанычбек Осмонов дүйнө салды
Болот Тасмаев 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында туулган. Акын Кыялбек Урманбетовдун "Аманат" ырын аткарып чыгып эл оозуна алынган. Ошондой эле "Сен билген жоксуң", "Кусалык" деген ырлары менен калың элге таанылган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.
Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.
World's first traffic light for camels debuted at the scenic spot of Mingsha Mountain and Crescent Spring in China's Gansu on Sunday.
— China News 中国新闻网 (@Echinanews) April 12, 2021
When the traffic signal turns green, camels can cross the road, while tourists cross when the signal turns red, greatly ensuring traffic safety. pic.twitter.com/JZ7VkLDMQx
Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.
"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.
Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.
Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.