Кызынан оору жугат деп корккон эне. 118 кызматы кантип иштөөдө

© Фото / Айжамал Жусупова118 кызматынын оператолору иш учрунда
118 кызматынын оператолору иш учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк 118 кызматынын ишмердигине нааразы. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы колл-борбордун оператору менен баарлашты. Ал түз байланыш номери боюнча эмнеге байланышуу мүмкүн болбой жатканын түшүндүрүп, пандемия убагындагы иши туурасында айтып берди.

Күн сайын 118 кызматына жүздөгөн киши телефон чалат. Колл-борбордун операторлору дем алышсыз, түштөнүүгө да тыным албастан иштешет. Оператор Айжамал Жусупова жарандардын өтө кызык талаптарын, айрым абоненттер ызы-чуу чыгарарынан да кеп салды.

© Фото / из личного архива Айжамал Жусуповой118 кызматынын оператору Айжамал Жусупова: Биринчи кезекте чалгандар коронавирус жуктуруп алган жокпузбу деп чочулашат. Биз кайрылууну каттап, координаторго тапшырабыз, ал көрсөтүлгөн дарек боюнча мобилдик бригада жөнөтөт. Тынымсыз эмгектенебиз. Жумушта жакындарыма телефон чалып, кабарымды билдиргенге да убактым болбойт.
Кызынан оору жугат деп корккон эне. 118 кызматы кантип иштөөдө - Sputnik Кыргызстан
118 кызматынын оператору Айжамал Жусупова: Биринчи кезекте чалгандар коронавирус жуктуруп алган жокпузбу деп чочулашат. Биз кайрылууну каттап, координаторго тапшырабыз, ал көрсөтүлгөн дарек боюнча мобилдик бригада жөнөтөт. Тынымсыз эмгектенебиз. Жумушта жакындарыма телефон чалып, кабарымды билдиргенге да убактым болбойт.

— Ишиңиз тууралуу билсек...

— Бизге күндө жүздөгөн телефон чалуу болот. Адамдар абалы начарлап турганын айтып, Тез жардам бригадасын же коронавируска анализ алууну өтүнүшөт.

Иш күнүм эрте мененки 8де башталып, кечки 7де аяктайт. Андан кийин түнкү нөөмөттөгү операторлор ишке киришет. Мурда биз чакан топ менен эле кайрылгандардын бардыгын тейлөөгө үлгүрчүбүз. Бирок азыр кайрылуулар көбөйдү, штатты бейөкмөт каражаттардын эсебинен кеңейттик.

Адамдар дүрбөлөңгө түшүп, кеңеш сурашууда. Биринчи кезекте алар коронавирусту жуктуруп алган жокпузбу деп чочулашат. Биз алардын кайрылуусун каттап, координаторго тапшырабыз, ал көрсөтүлгөн даректер боюнча мобилдик бригадаларды жөнөтөт. Дем алышсыз, кыска тынымсыз жана түшкү тыныгуусуз эмгектенебиз. Жумушта жакындарыма телефон чалып, кабарымды билдиргенге да убактым болбойт.

— 118 кызматына кандайча орношуп калдыңыз?

— Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизилгенде мен иштеген жеке клиника кызматкерлерди өргүүгө чыгарды. Жумушсуз калдым. Тааныштарым бир колл-борборго ыктыярчылар керек экенин айтып калды. Бирок толук маалымат айтылган эмес.

Барып, сүйлөшүп көргөн соң Кыргызстанда коронавирус маселелери боюнча адамдарга кеңеш берчү түз байланыш ачыларын маалымдашты. Ишке киришерден мурун врачтар менен биргеликте окуудан өттүк, кийин алар өлкөнүн түштүгүнө бет алышкан.

Жаңы жумуштагы биринчи күнүм али күнчө эсимде. Гуманитардык жардам алуу боюнча сурап, шаар ичинде тоскоолдуксуз жүрүү үчүн уруксат кагазын кайдан алууга кызыгышкан. Бийликти каргап-шилеген жаалданган жарандар да өтө көп болгон.

Коронавирустун белгилери байкалса эмне кылуу керек. Кадамдардын алгортими

Элди кызыктырган маселелер боюнча маалыматтарды күн сайын ЖМКлар жарыялап турат эмеспи. Бирок эл баары бир бизге кайрылып, канча учур катталганын, коронавирустан канча киши каза тапканын сурай беришчү.

Коомдук транспорт качан жүрөрүн так айтууну талап кылышчу. COVID-19 боюнча сурагандар дээрлик болчу эмес.

Ал убакта калктын көңүлүн жайгарып турууга аракет кылчубуз. Ар бир абонентке жардам берүүгө аракет кылып, гуманитардык, медициналык же башка жардамдарды алууга боло турган даректерди берчүбүз.

— Июнь айында кырдаал абдан өзгөрүп кеттиби?

— Телефон чалуулар кескин көбөйдү. Кайрылуулардын мүнөзү да өзгөрдү, ушул тапта сыркоологон адамдар көп телефон чалууда. Көпчүлүгүндө COVID-19дун белгилери бар. Жарандар анализди кантип жана кайдан тапшырууга болорун сурашууда. Биздин милдет — абонент менен сүйлөшүп, абалдын канчалык олуттуулугун түшүнүү. Бул ишти баштагандан бери биз бир чоң көйгөйгө кабылдык, көпчүлүгү медиктердин бригадасын эч себепсиз чакырышат. Сурап-тактай келсек, киши керээли-кечке кондиционердин алдында отургандыктан мурду бүтүп калган. Же абалы дурус эле, бирок анализ тапшырып койгусу келет.

Эгер абоненттин суук тийгизип алгандай белгилери болсо, кайрылуусун каттап, ошол белгилерине жараша дарыланууга кеңеш беребиз. Кийин кайра телефон чалып, жакшы болуп калышканын билдиришет. Тилекке каршы, коронавирус жуктургандардын саны күн сайын өсүп, кайрылуулар да көбөйө баштады.

© Фото / из личного архива Айжамал ЖусуповойАйжамал Жусупова: Июнда телефон чалуулар кескин көбөйдү. Кайрылуулардын мүнөзү да өзгөрдү, ушул тапта сыркоологон адамдар көп телефон чалууда. Көпчүлүгүндө COVID-19дун белгилери бар.
Кызынан оору жугат деп корккон эне. 118 кызматы кантип иштөөдө - Sputnik Кыргызстан
Айжамал Жусупова: Июнда телефон чалуулар кескин көбөйдү. Кайрылуулардын мүнөзү да өзгөрдү, ушул тапта сыркоологон адамдар көп телефон чалууда. Көпчүлүгүндө COVID-19дун белгилери бар.

— Көпчүлүк 118 кызматынын ишине нааразы…

— Биз шайыбыз оогончо иштеп жатабыз, бир да мүнөт бош убактыбыз болбойт. Даттанганым жок, тек гана фактыларды келтирип жатам. Операторго чалганда адамдар көпкө байланыша албаганын айтып кыжырданышат. Сиз чала албай жаткан мүнөттө оператор жардамга муктаж башка адам менен сүйлөшүп жатканын тушүнгөн оң. Кайрылгандардын көбү биз эмне иш менен алектенерибизден кабары жок. Телефон чалып, дарегин айтып Тез жардамдын келишин талап кылышат. Биз ал кызматтын иши үчүн жооп бере албайбыз.

118 кызматынын милдеттерине абоненттерге ден соолугунун абалы боюнча тактап, ага жараша кеңеш берип, эгер коронавирустун белгилери болсо, мобилдик бригаданы жөнөтүү кирет. Бир айым COVID-19дун белгилерин атап, Тез жардамга чала албай жатканын айтып бизге кайрылды. Медиктер келип, ага асма укол коюшуна бизди көндүрдү. Бул мобилдик бригаданын функциясына кирбейт! Алар болгону анализ алып кетишет.

— Симптоматикалык дарыланууга кеңеш берериңизди айтып өттүңүз. Бирок адистер өз алдынча дарыланбагыла деп жатышканын көп уктум.

— Өз алдынча дарылануу менен абоненттерге берген биздин кеңештерибизди алмаштырбоо керек. Биздин маалымат адистер тарабынан текшерилген методикалар, алар дарттын өтүшүп кетүү тобокелдигин азайтат.

Эгер өзүңүздү начар сезип жатсаңыз, 118 номерине телефон чалыңыз. Оператор сизге бир нече кеңеш берет. Мобилдик бригада сизге кезек жетери менен келет. Андан кийин анализдин жыйынтыгы жана абалыңызга жараша ооруканага жаткыруунун зарылдыгы бар же жогу боюнча чечим кабыл алат.

COVID-19 жуктурган кыргызстандыктардын негизги катасы эмнеде. Эпидемиологдун маеги

— Жарандар кандай ыксыз талаптар менен сиздерге кайрылып жатышат?

— Бир киши Россиядан келип, үй карантинине алынат. Мобилдик бригада андан анализ алганы келет. Коңшу квартирадагылардын тургундары биздин адистердин ал кишинин үйүнө киргенин көрүп, ызы-чуу салышты. Ошол кабаттуу үйдөн бир нече адам телефон чалып, тиги кишини обсервацияга алып кетүүнү талап кылышты.

Же дагы бир учур. Өлкөгө жаңы кайткан кыздын апасы анын обсервацияда үч гана күн калганынан улам чыр салды. Кызы менен бир квартирада болгусу келбей, мобилдик бригададан аны алып кетүүнү талап кылган. Ал мамлекет бул үчүн каражат бөлгөнүн, ал эми өзү өмүрүн тобокелге салбоого тийиш экенин айтып ызы-чуу чыгарды. Башта чындап эле сырттан келгендердин баарын 14 күн обсервацияда кармоо талабы болгон. Азыркы учурда кишиден коронавируска анализ алынат. Жыйынтыгы таза чыкса, үй карантинине чыгарылат.

Тигил же бул жарандын ооруп-оорубаганын сурап да көп телефон чалышат. Сүйлөшө келсең, коңшусун сурап жаткан болот. Сыркоолоп турганына карабай, ден соолугуна кам көрбөй, адамдар менен байланышып жатканына нааразы болушат. Бирок биз башка адамдын диагнозун экинчи кишиге айта албайбыз.

© Фото / Айжамал ЖусуповаЖусупова: Өз алдынча дарылануу менен абоненттерге берген биздин кеңештерибизди алмаштырбоо керек. Биздин маалымат адистер тарабынан текшерилген методикалар, алар дарттын өтүшүп кетүү тобокелдигин азайтат.
Кызынан оору жугат деп корккон эне. 118 кызматы кантип иштөөдө - Sputnik Кыргызстан
Жусупова: Өз алдынча дарылануу менен абоненттерге берген биздин кеңештерибизди алмаштырбоо керек. Биздин маалымат адистер тарабынан текшерилген методикалар, алар дарттын өтүшүп кетүү тобокелдигин азайтат.

— Борбор калаадагы райондордун бириндеги мобилдик бригаданын координатору социалдык медиада медиктердин ишине жолтоо болгон адамдар жөнүндө жазган. Сиздерде да ушундай окуялар бар чыгар...

— 118ге чалганын чалып алып, мобилдик бригада келгенде телефондорун өчүрүп, эшикти ачпай койгон адамдарга азыркыга чейин түк түшүнбөйм.

Жакындан тарта биз потенциалдуу бейтаптын туугандары каттаткан заявкаларды кабыл албай калдык. Чочулаган кызы ата-энесинин ден соолугун текшерүү үчүн мобилдик бригаданы чакырат. Бирок атасы анализ тапшыруудан караманча баш тартып, биздин кызматкерлерди кубалап чыгыптыр.

Же ушундай "кыйын жарандардын" дагы бир категориясы бар: киши телефон чалат, COVID-19дун бардык белгилерин атайт, өзүн начар сезип жатканын айтат. Берген дареги боюнча бригада келип, андай кишинин жашабай турганына күбө болушат. Телефон номери боюнча чалышса эч ким жооп бербейт.

Кайрылган он кишинин жарымы бизге тиешелүү эмес. Айрымдар кызыктай эле суроолорду узатып, операторлордун убактысын алышат. Же жөн эле сүйлөшкүсү келип телефон чалышат... Ал эми ошол эле маалда кимдир бирөө чындап жардамга муктаж, бирок 118ге чала албай жаткан болушу мүмкүн.

— Сөз аягында муну да сурай кетпесек болбос. Эгер сыркоолоп, бирок коронавируспу же жөн эле суук тийгизип алганыңды билбесең, эмне кылуу зарыл?

— Карантин шарттарын сактаңыздар. Эгер шарт туура келсе, үй-бүлө мүчөлөрү менен да байланышпай, өзүнчө бөлмөдө обочолонуңуздар. Үйдөгү кыймылды да чектеп, сөзсүз 118 кызматына же үй-бүлөлүк врачка кайрылыңыздар. Консультация алган соң симптоматикалык дарыланууга киришиңиздер.

Өз алдынча дарыланбагыла! Мэрия үй-бүлөлүк медицина борборлорунун телефондорун берди

Жаңылыктар түрмөгү
0