Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты

Жазылуу
Шаар башчысы Суракматов эки апта үйүндө жатты. 20-июлда анын коронавируска кабылганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Мэриядан шаар башчынын оорусунун түрү жеңил болгондуктан, үйүнөн дарыланып, айыккандыгын айтышты.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, бүгүн Суракматов брифинг өткөрөт.

Пневмонияга чалдыгып ооруканага түшкөн Атамбаевдин азыркы абалы айтылды

Шаар башчысынын да коронавируска кабылганы боюнча 20-июлда белгилүү болгон. Ал күнү мэриянын үч кызматкери, башкы бухгалтер, уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинен да COVID-19 чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 5 735ке жетип, анын 2 443ү айыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0