Туристтик сезон маалындагы ИИМдин милдеттери жана байланыш телефондору

© Фото / Пресс-служба МВД КРТуристтик милициянын кызматкерлери
Туристтик милициянын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулар курорттук аймактагы иштерди күчөтөт жана туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздайт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Туристтик сезон мезгилинде тартипти камсыздоо туурасында ИИМ тарабынан буйрук берилгендигин аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бул документ менен туристтердин (келечекте чет элдиктерди дагы) коопсуздугун камсыздоо боюнча милициянын иши бекитилген. Туристтик сезон маалындагы жүргүзүлүүчү иштерге туристтик милициянын өкүлдөрү гана эмес, ИИМдин башка бөлүкчөлөрүнүн иш сапарга жөнөтүлгөн кызматкерлери да тартылат.

Өзбекстан COVID-19 жуктуруп алган туристтерге 3000 доллардан төлөйт

Туристтер күнү-түнү 100 кыска номерин (чалуу бекер) жана (0703) 63-09-00 WhatsApp номери аркылуу укук коргоочулар менен байланыша алат. Муну менен катар кызматтык автоунааларда көрсөтүлгөн: 66-23-31 (ИИМ), 63-09-00, 63-09-01 (ЖКККББ) номерлерине кайрылууга болот.

Жеке курам туристтер менен сылык, маданияттуу, так жана адептүү болууга милдеттендирилген.

"Посттордун жана кайгуул каттамдардын дислокациясы аныкталды. Стратегиялык жолдордо милициялар, дарыгерлер жана куткаруучулар нөөмөттө турушат. ЖКККББнын кызматкерлери айдоочулар жана жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт", — деп айтылган маалыматта.

Туристтердин эл көп топтолгон жерлерин ыкчам-тергөө тобу көзөмөлдөмөкчү.

Маалыматта курорттук аймакта кайтаруу иштери күчөтүлүп, катталган кылмыш иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө болору айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0