Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

15276
(жаңыланган 22:19 01.07.2020)
Коронавирус жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ал тургай акка моюн сунгандар ар күн сайын айтылып жатат. Мунун баары үрөйдү учуруп, элди тынчсыздандырганы менен калк арасында дагы деле вируска ишенбегендер кездешет.

Минтип коомчулук ар кандай пикирде болуп жатканда түйшүктүн баары дарыгерлерге түштү. Саналуу күндөр мурда эле жалгыз жоо COVID-19 менен алышып жатса, эми пневмония дартына чалдыгып, ооруканага түшкөндөр көбөйдү. Коронавируска алынган тесттердин терс чыгып жатканын айтып айрымдар бул коронавирус эмес десе, башкалары ПЦР-тесттердин сапатынан шек санашууда. Жаш-кары дебей жалмап жаткан бул эмне болгон дарт? COVID-19бу же дагы башка илдет пайда болдубу? Суроолорубузга Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев жооп берди.

Марттан бери иш бөлмөмдө жашап, иштеп жатам деген дарыгер түшкү тамакка деген убактысын окурмандарга бөлдү.

Доктор Самуэль Гутьеррес, член группы быстрого реагирования министерства здравоохранения Эквадора по поводу коронавирусной болезни (COVID-19), просматривает изображения легких 81-летнего мужчины, подозреваемого на наличие заболевания, в доме мужчины в Гуаякиль, Эквадор, 29 апреля 2020 года.
© REUTERS / SANTIAGO ARCOS
Профессор Талант Сооронбаев: мен өмүр бою пневмония оорусуна кабылгандарды дарылап келем. 30 жыл ушул тармакта жүрүп мындай түрүн жолуктурган эмесмин

— Учурда өлкөдө коронавирустан сырткары пневмонияга чалдыгып 800дөй адам ооруканада жатат. Бир суткада 13 киши аталган дарттан каза тапкандыгы айтылды. Бул эмне болгон оору? COVID-19бу же дагы башка бир илдет пайда болдубу?

— Мен өмүр бою пневмония оорусуна кабылгандарды дарылап келем. 30 жыл ушул тармакта жүрүп мындай түрүн жолуктурган эмесмин. Мен эле эмес, кесиптештерим да ушинтип жатышат. Азыр жүрүп жаткан пневмония өзүнчө бир оору деп ойлоо жаңылыштык. Бул ошол COVID-19 вирусу козгогон "атипичная внебольничная пневмония", тагыраагы, башка типтеги пневмония. Мунун кадимки пневмониядан айырмасы — козгогучтары бактерия эмес, вирус. Өз алдынча дарыланам деп көпчүлүк бактерияга каршы антибиотиктерди ичип жаңылып жатышат. Андай дарылар бул жерде таасир бербейт. Жөн гана убакыттан уттурасыз.

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Бул пневмониянын мүнөзү мындай экен: көп учурда билинбей башталат, оору өтө ылдамдык менен күчөп заматта адамдын абалы оорлошот да, 5-6-7-8-күндөрү абдан кыйналат. Анткени вирус өпкөдөгү майда кан тамырларды сезгентип, тромб пайда кылат. Тромб көбөйгөн сайын өпкөнүн дем алуусу кыйындап, канга кычкылтек жетпей адам энтигет. Андыктан азыркы коронавирустан улам пайда болуп жаткан пневмонияда биринчи кезекте канды суюлтуучу антикоагулянттарды ичүү зарыл. Бул эч кандай өзүнчө оору эмес. COVID-19 инфекциясы козгогон пневмония.

Врач Ат-Башинского района Талант Сооронбаев
© Фото / Нурзада Мукашева
Профессор Талант Сооронбаев: бул оору COVID-19 вирусу козгогон "атипичная внебольничная пневмония", тагыраагы, башка типтеги пневмония. Мунун кадимки пневмониядан айырмасы — козгогучтары бактерия эмес, вирус

— Мындай учурда эмнеге коронавирусту аныктоо үчүн тапшырган ПЦР анализдер таза чыгууда?

— Бул көйгөй бизде эле эмес, дүйнө жүзү боюнча бар. Пневмония менен барып COVID-19га бир эмес, бир нече ирет анализ тапшырган адамдардын 20 пайыздан 40 пайызга чейинкиси терс жыйынтык берип жатат. Бирок бул коронавирус жок дегенди билдирбейт. Ошондуктан коомчулукту олуттуу мамиле жасоого чакырат элем. Олуттуу десе дүрбөлөңгө түшүү эмес, тескерисинче, өз ден соолугуна, жакындарынын саламаттыгына байкоо салып туруу. Эгер дене табы көтөрүлсө эле дароо өзү жашаган аймактагы үй-бүлөлүк дарыгер менен байланышуу зарыл. Бул соңку иштелип чыккан алгоритмдерде да көрсөтүлөт. Болушунча эртерээк компьютердик томография, рентгенге өпкөсүн тарттыруу. Вирус өпкөгө түшүп кеткенге чейин ушундай аракеттерди көргөн учурда андан жеңил кутулууга мүмкүн болот.

ДССУ Кыргызстанды коронавирус күчөп бараткан өлкөлөрдүн катарына кошту

— Ал эми азыр республика боюнча сасык тумоо барбы? Дегеним 1-2 күн ооруп калып эле кайрадан айыгып кеттим деген жарандар да жок эмес.

— Учурда Кыргызстанда КРВИ же ангина көп болсо жалпы ооругандардын 2-3 пайызын түзөт. Андан көп эмес, анткени бул айларда ушул убакка чейин бир да жолу сасык тумоо курчуган учур катталган эмес. Андыктан ошентип 1-2 күн ооруган сыяктуу сезип анан жакшы болуп кеткендер да коронавируска чалдыккан болушу мүмкүн. Болгону жеңил тиби болгондуктан дээрлик эч нерсени сезбей, дене табы көтөрүлбөй, жыт, даам сезүүсү калыбында эле жүрө бериши толук ыктымал. Бирок бул бейтаптар башкалар үчүн коркунуч жаратат. Өздөрү оорубаганы менен башка адамдарга жуктуруп жүрө беришет. Коронавирустун тез жайылып жаткан себептеринин бири да ушул симптому жок бейтаптар болууда. Алар керек болсо такыр эле ооруну сезбей эл аралап жүрө бериши ыктымал. Ошол эле учурда бул абдан жугуштуу вирус болгондуктан канчалаган киши дартка чалдыгат. Элди обочолонууга, бет кап тагынууга, аралыкты сактоого, колду самын менен жууп турууга, зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоого чарчабай үндөп жатканыбыз ушундан. Биз бир гана ушул жол менен вирусту ооздуктай алабыз.

Врач держит в руках маску для искусственной вентиляции легких в палате госпиталя ветеранов войн в Иркутске, который перепрофилируют для лечения пациентов с коронавирусной инфекцией.
© Sputnik / Кирилл Шипицин
Профессор Талант Сооронбаев: өз алдынча дарыланам деп көпчүлүк бактерияга каршы антибиотиктерди ичип жаңылып жатышат. Андай дарылар бул жерде таасир бербейт. Жөн гана убакыттан уттурасыз

— Эпидемиологиялык абал курчуп турган маалда жүктүн баары дарыгерлерге артылды. Алардын жетишсиздиги элди катуу тынчсыздандырып жатат. Абал мындан да оорлошуп кетиши мүмкүнбү?

— Абалдын мындан да курчуп кетпешинин бир гана жолу бар. Бул ар бир адам өзүн тарбиялоосу зарыл. Жөнү жок көчөгө көп чыкпай, оорунун белгилери байкалары менен өзүн-өзү үй-бүлө мүчөлөрүнөн, коомдон обочолонтуп, дароо үй-бүлөлүк дарыгерлер менен байланышып, алар айткан гана дарыларды ичип, эң башкысы башкалар менен болгон байланышты таптакыр токтотуу зарыл. Түшүнүп турам, мындай учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин түйшүгү ого бетер көбөйөт, бирок азыр өлкөдө бардык ак халатчандарга оңой болуп турган жок. Ушундай ыкманы жалпы журт колдоп берсе, эч кандай дүрбөлөңү жок дартка кабылгандардын тең жарымын үйүнөн кеңеш берүү менен эле айыктырууга мүмкүн болмок. Мындай учурда оор акыбалга жеткендердин, өлүмдүн саны кыскармак. Тилекке каршы, эл арасында жаңыдан башталып келе жаткан илдетти тоготпой, тоого чыгып кымыз ичип же дагы башка эс алуучу жактарга кетип калгандар кездешүүдө. Абалы оорлошуп, вирус өпкөгө жетип калганда анан келип кайрылып жатышат. Мындай учурда адам өмүрүн сактап калуу кыйын. Болбосо вирус бар-жок деп, өз алдынча эксперт болуп, элге кеңеш бергендер да жок эмес.

Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!

Азыр бул вирусту талкуулап, бири-бирибизге сын айтып, дарыгерлерди терип-тескей турган учурда турган жокпуз. Бүгүн эле атайын өпкө оорулары боюнча адистештирилген дарыгерлердин тизмесин түзүп бердим. Алар эми жалпы республикага тарап, иш алып барышат. Мен элге кайрылып кетер элем, ар кандай такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарга чыгарып же аны таратып, түрдүү негатив ойлорду чогултуу биздин медицина кызматкерлерине да жагымсыз. Биз баарын жеңебиз, баарын жасайбыз, болгону сиздер санитардык эрежелерди сактап берсеңиздер. Дарыгерлер сиздердин моралдык колдооңуздарга, жылуу сөзүңүздөргө муктаж.

15276
Белгилер:
Талант Сооронбаев, пульмонолог, Кыргызстан, пневмония, коронавирус
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)
Тема боюнча
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды. Сүрөттөр
Жээнбеков менен Боронов видео аркылуу азыркы абалды талкуулашты. Сүрөт
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасында

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

4
(жаңыланган 16:28 04.08.2020)
Дарыгерлер президент менен жолугушууда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин айтышты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты.

"Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Оңдолгондон кийин 100 орунга чейин кеңейтилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты

Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.

Министрлик: Ысык-Көлгө эл агылган сайын вирус күч алууда

Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун айтты.

"Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин оюмда", — деди президент.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди.

Анын айтымында, медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү.

4
Белгилер:
айлык-акы, оорукана, дарыгер, медицина, Сооронбай Жээнбеков, Ысык-Көл
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Көлдө көбүрөөк. Өткөн суткада 25 медиктен COVID табылды
Медициналык кызматкерлер. Архив

Медиктерге июль айында 396 млн сом компенсация бөлүнгөн. Облус боюнча тизме

13
(жаңыланган 16:17 04.08.2020)
Өткөн айда ак халатчандарга компенсация катары бөлүнгөн каражаттын көп бөлүгүн Бишкек менен Ош облусунун кызматкерлери алышкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду июль айында коронавируска каршы турган медиктерге компенсация катары 396 миллион 060 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Компенсация облустар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкектеги 3 469 медкызматкерге 103 миллион 5835 сом; 
  • Таластагы 11 саламаттык сактоо мекемесинин 889 кызматкерине 15 миллион 274  сом;
  • Ош шаары менен Ош облусундагы 31 медикке 72 миллион 451 миң  881 сом;
  • Нарындагы 12 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 20 миллион сом;
  • Ысык-Көлдө 28 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 505 миң 397 сом;
  • Баткендеги 16 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 15 миллион 496 миң сом; 

Нарында медиктердин акысы толук берилбей калдыбы? Штабдын жообу

  • Чүй облусундагы 24 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 38 миллион 915 миң 700 сом; 
  • Жалал-Абад облусундагы 31 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 080 миң сом;

Төлөмдөрдү берүү дагы улантылып жатканы айтылды.

13
Белгилер:
медик, компенсация, төлөм, фонд, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, штаб
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты