COVID: Республикалык штабдын башчысы Баатырбеков обочолонду

Жазылуу
Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Республикалык штабды 20-июндан баштап жетектейт. Ал азыр аралыктан үйүндө иштөөдө.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Республикалык штабдын башчысы Алмазбек Баатырбеков COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондуктан аралыктан иштөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымында, биринчи вице-премьер коронавирус жуктурган эмес.

"Алмазбек Баатырбеков коронавирус жуктурган жок. Ал вирус жуктургандар менен байланышта болгондуктан учурда үйүндө обочолонуп иш алып барууда", — деди Эсенгулов.

Буга чейин инфекция вице-премьер Эркин Асрандиевден аныкталгандыгы айтылган.

Эске салсак, айрым маалымат каражаттары Республикалык штабдын башчысы Алмазбек Баатырбековдун коронавирус жуктуруп алгандыгын жазышкан.

"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды. Сүрөттөр

Ошондой эле өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен байланышта болгондуктан обочолонуп иш алып барууда.

Эске салсак, Алмазбек Баатырбеков Республикалык штабды 20-июндан тарта, Кубатбек Бороновдун ордуна жетектей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0