CОVID менен күрөшүү: Кыргызстанга Роспотребнадзордун өкүлдөрү келди

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүУчак аэропорттко конуп жатат. Архив
Учак аэропорттко конуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегация коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоо үчүн келди.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы биргеликте күрөшүү үчүн Бишкекке Роспотребнадзордун делегациясы келгенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Топтун башында Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленский турат.

Бишкекке жардам берүү үчүн аймактардан дарыгерлер келмей болду

Маалыматта Россия тарап инфекциянын бар-жогун аныктай турган тест-системалардын партиясын тапшырары айтылат.

Роспотребнадзор КМШ өлкөлөрү үчүн COVID менен күрөшүү боюнча консультацияларды өткөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0