Окумуштуу: узак жашагандардын бир жалпылыгы бар

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүУзак жашоочу. Архив
Узак жашоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперт Кембридж университетинин изилдөөлөрүн четке какты. Алар буттун узундугу менен жашоо узактыгынын ортосунда түздөн-түз байланыш бар деп эсептешет.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Узак жашаган адамдардын арасында сөөк-саактуу адамдар  жок, бул алардын жалпылыгы. Мындай билдирүүнү врач-геронтолог, профессор Юрий Конев жасап, анын айткандарын НСН жазып чыкты.

Ал Кембридж университетинин изилдөөлөрүн четке каккан. Эки жылдын ичинде бул окумуштуулар каза болгон үч миңден ашык адамдын өлүмүн иликтеп, узак жашаган аялдардын бутунун өлчөмү 38, ал эми эркектердики 42 болорун айтышкан. Окумуштуулар бул адамдардын 82-84 жашка чейин жашоого толук мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет.

Көп кыймылдаган киши өлүм чакырган дарттан оолак болот. Узак жашоонун сыры

НСНдин эфиринде Конев бул иликтөөнү грант алуунун гана амалы деп атады.

“Алар болгону өзүнө грант алууну көздөп жатышат. Батышта бардык илим гранттын негизинде иш алып барат, ошондуктан алар ар кандай иликтөөлөрдү чыгарып, анан 5-10 жыл жакшы жашоо үчүн аны тастыктоого аракет жасашат”, — деди профессор.

Анын айтымында, узак жашагандардын арасында бойлуу жана көлөмдүү кишилер болбойт.

Төшөк мамилесинен алыстап кеткен жубайлар кандай зыян тартат? Адистин кеңеши

“Буттун өлчөмү кандайдыр бир деңгээлде таасир этиши мүмкүн. Бирок узак жашагандар деп биз 100-110 жашка чыккандарды айтабыз. Ал көлөмдүү боло албайт. Биофизиканын мыйзамы боюнча көлөмдүүлөр узакка жашабайт. Арыкчырай жана жапалдаш бойлуу аялдар толук, сөөктүү айымдарга караганда узак жашашат. Эркектерде деле ошол көрүнүш. Чоң, асман тиреген бак-дарактар деле убагында көздү кубантканы менен карыганда ар кандай оорулардан улам  эрте эле чирип жок болот”,— деди Конев.

Илимпоз бул эреже бардык жаныбарлар дүйнөсүнө тийиштүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0